Боршайкомдун жумушчу тобу КТРКны жана башка мамлекеттик ЖМКларды жоюуну сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу БШКга мамлекеттик ЖМКларды жабуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылууну сунуштады. Мындай чечим КТРКда өткөн президенттикке талапкерлердин дебатын талкуулоодон кийин кабыл алынган.

Сегодня Рабочая группа ЦИК по итогам обсуждения дебатов на ОТРК приняла решение рекомендовать ЦИКу обратиться в ЖК с...

Опубликовано Гульнарой Джурабаевой Пятница, 8 января 2021 г.

«Дебаттарды өткөрүү үчүн эфирдик убакытты жеке телекомпаниялардан сатып алууга мүмкүн болот — бул өлкөдөгү медиабазардын өнүгүүсүнө түрткү болот. Телеканалдар дебаттарды өткөрүү укугуна ээ болуш үчүн эригишет, акысыз өткөрүүнү да сунушташы мүмкүн, себеби берилген убакытты алар жарнама аркылуу монетизация кыла алат», — деп жазды Журабаева.

Журабаева жеке телеканалдардын арасында конкуренция дебаттын кызык форматтарын иштеп чыгуусуна жана ага кесипкөй алып баруучуларды чыкырууга алып келет деп эсептейт. Мындан сырткары бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөйт.

6-январда КТРКда президенттикке талапкерлердин дебаттары өтүп, ага Канат Исаев, Курсан Асанов, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров катышкан. Ал эми талапкер Садыр Жапаров «ушак териштиргенди жек көргөнү үчүн» дебатка катышкан жок.

Дебатта талапкерлер телеканалды «бийликти жактап жатат» деп атаган, ал эми алып баруучуларды кесипкөйсүздүккө айыпташкан. Анда алып баруучулар президенттик башкаруу форманын оң жактарын көрсөтүүгө багытталган суроолорду берип жатканын көрүүгө болот.

Ал эми соцтармактардын колдонуучулары алып баруучу Амантур Шергазиевдин «аба-ырайы» тууралуу суроосун кескин сындашкан.

«10 январда аба-ырайы жакшы болуп, күн 10 градуска чейин жылыйт деген божомолдор айтылууда. Практика көрсөткөндөй аба-ырайынын жакшы болушу шайлоочулардын өнөктүккө активдүү катышуусун шарттайт. Сиз кандай ойлойсуз: Ким жеңет деп ойлойсуз? Шайлоонун жыйынтыгы менен макул болосузбу же тарапташтарыңызды аянтка алып чыгасызбы?» — деп суроо салган Шергазиев.

Талапкер Мадумаров бул суроого жооп берип жатып күлкүсүн кармай албай, «силерге ушундай суроолорду бер деп ким айтып жатат» деп алып баруучуларга кайрылган.

Дебаттын эртеси күнү айрым талапкерлер дебатта бузуулар болгон деп, АКШнын Улуттук демократиялык институтуна кайрылышкан.