«Клооптун» кабарчысы Токмокто добуш сатып алуу болгонун видеого тартып алды

«Клооптун» штаттан тышкаркы кабарчысы Токмок шаарындагы №7088 шайлоо участкасынын жанында добуш берип чыккандарга бейтааныш киши акча таратып жатканын видеого тартып алды.

Анын айтымында, белгисиз кишиге буга чейин талапкер Садыр Жапаровдун байкоочусу менен шайлоо участкасынын катчысы келип жолугуп кеткен.

«Клооптун» дагы бир байкоочусу Эркинбек Орозов Ош шаарындагы №5317 шайлоо участкасынын жанында белгисиз кишилер шайлоочуларды тизме менен текшерип жатканын билдирди. Орозов ошондой эле, эшикте үч машина турганын, шайлоочулар алгач машинага баш багып, андан кийин добуш берүү үчүн шайлоо участкасына кирип жатканын айтты. Анын эскертүүсүнөн кийин эки машина кетип калган, ал эми бир машина калып, шайлоочуларды тизме менен тактоону улантууда.

Чүй облусунун Военно-Антоновка айылындагы №7228 шайлоо участкасынын алдында дагы белгисиз беш киши саат 11:00дөн 12:00гө чейин турганын жана добуш бергени келген кары-картаңдарды тосуп алып жатканын «Клооптун» байкоочулары жеринен билдирди.

Чогулган балдар байкоочунун «Эмне кылып жүрөсүңөр?» деген суроосуна «добуш берүүгө» келгенин айтышкан.

Бишкектеги №1214 шайлоо участкасында дагы Садыр Жапаровдун байкоочусу добуш берүүгө келген шайлоочулардын номерин жазып алып жатканын «Клооптун» байкоочусу билдирди. Биздин байкоочулар ага эскертүү бергенден кийин ал шайлоочулардын маалыматтарын телефонуна жазып баштаган. Ал ошондой эле, идентификация чыккан экранды сүрөткө тартып алып, аны дагы телефонуна жазып алууда.

№1214 шайлоо участкасында тартылган сүрөт.

Мыйзам боюнча тигил же бул тарап шайлоочулардын номерлерин жана аларды тизмеден тактоого укугу жок. Добуш берүү үчүн келген кишинин жеке маалыматтарын шайлоо участкасынын өкүлдөрү гана текшерип, анан бюллетенди берет.

Бүгүн, 10-январда, Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо менен мамлекетти башкаруу формасын аныктай турчу референдум өтүүдө. Президенттикке 17 талапкер ат салышууда.