Ош: Байкоочу спортчулар шайлоочуларга «басым жасаганын» айтты

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын өкүлү, байкоочу Гүлгакы Мамасалиева Ош шаарындагы №5551 шайлоо участогунда «спортчулар шайлоочуларга басым жасаганын» билдирди.

Некий Азамат Толонов, спортик, на Южном мкрн г. Ош оказывает давление на избирателей:((( Ранее, он баллотировался в местные кенеши от партии Биримдик.

Опубликовано Гульгакы Мамасалиевой Воскресенье, 10 января 2021 г.

«Азамат Төлөнов аттуу спортчу Ош шаарынын Түштүк кичи районунда шайлоочуларга басым жасоодо. Мурдараак ал жергиликтүү кеңешке “Биримдик” партиясынан аттанган», — деп жазган Мамасалиева фейсбук баракчасында.

Анткен менен Мамасалиева участокко келгенде спортчулар кетип калышкан. Алар кайсы талапкерге иштеп жатканын билүүгө мүмкүн болгон эмес. Ал эми посттун астында көптөгөн фейк-аккаунттар Мамасалиеваны сындап башташты. Алардын бири — Таалайбеков Таалайбеков аттуу фейк сымал колдонуучу — «Ошто көбүнчөсү Сооронкулованы тааныбаганын» жана «Ош Садыр Жапаровду колдогонун» жазган.

Ал эми байкоочу сөз кылган Азамат Төлөнов «Бириккен күрөш дүйнөсү Грэпплинг» коомдук бирикмесинин жетекчиси. Анын фейсбук баракчасында ал «Ош-Тазалыктын» жетекчиси Нурбек Исмаилов, таштанды полигондун мурдагы башчысы Достук Жолдошов жана Ош аэропортунун кызматкери Манас Алмаматов менен бирге түшкөн сүрөтү бар. Бул спортчулар дагы грэпплинг менен машыгып келишет.

Сүрөт Манас Алмаматовдун баракчасынан алынды

Жолдошов жана Алмаматов 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Клооптун» журналисттерине №5316 шайлоо участогунда кол салышып, алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратышкан. Журналисттер бул окуя боюнча милицияга кайрылганы менен тергөөчү ишти кыскартып салган.

Ал эми «Клооп» журналисттик иликтөө жүргүзүп, Жолдошов жана Алмаматов ошол күнү «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү болуп жүргөнүн аныктады. Иликтөө менен кененирээк бул шилтеме аркылуу таанышып алсаңыз болот.

Мындан сырткары Төлөнов, Исмаилов жана Жолдошов 2020-жылы Ош шаардык кеңешке болгон шайлоого «Биримдик» партиясынан талапкер болушкан.