Ошто мектептер ачылат жана бала бакчалардын мектепке даярдоочу тайпалары гана иштейт

Бишкектик мектептеги сабакта отурган окуучулар. Сүрөт: Kloop.kg / Даниль Усманов

Ош шаарындагы мектептер 14-январдан тарта бардык окуучуларды кабыл ала баштайт. Ал эми бала бакчалардын мектепке даярдоочу тайпалары гана ишин жандантат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Жылдызбек Турганбаев жарандык коргонуу штабынын 11-январдагы жыйынында билдирди.

«Тиешелүү жетекчилерге мектептерде жана бала бакчаларда санитардык нормаларды сактоо боюнча тыкыр көзөмөл кылуу тапшырмасын берилди», — деп билдиришти мэриядан.

Ал эми бала бакчалардын калган тайпалары ишин акырындан улантмакчы.

Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын иши ушул айдын аягынан жанданат. Мындай чечим шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы чукул чара көрүүчү комиссиянын жыйынында кабыл алынган.

Бишкек мэриянын маалыматына ылайык, 18-январдан баштап мектепке 1, 5, 9 жана 11-класстар барат. Балдар 1-февралга чейин эки нөөмөттө окушуп, шахмат түрүндө отургузулат. Ал эми адистер, эпидемиологдор пандемия учурундагы билим берүү процессине көз салышат. Эгерде көрсөткүчтөр туруктуу болсо, болжол менен экинчи этап башталат — бардык окуучулар мектепке барып, билим ала башташат. Бала бакчалардын иши болсо 20-январдан тарта жандандыруу пландалууда.

Коронавируска байланышттуу онлайн окуу

Кыргызстанда мектеп окуучулары өткөн жылдын 8-апрелинен баштап аралыктан окууга өтүшкөн. Билим берүү министрлиги аралыктан билим алуучу окуу программасын иштеп чыккан. Бардык окуутучу материалдар ведомствонун атайын сайтына жүктөлүп, ошондой эле телевизор аркылуу эфирге берилген.

Бирок көпчүлүк ата-энелер жана мектеп окуучулары онлайн-окуу учурунда бир топ кыйынчылыкттарга кабылышкан. Алар керектүү гаджеттердин, телевизор жана интернеттин жетишсиздигине даттанышкан.

Билим берүү министрлигинен мектептер 6-октябрдан тартып ишин жандандыра турганын кабарлашкан болчу. Ага ылайык, алгач 1-6-класстын окуучулары окуп баштамак. Бирок 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өлкө ичинде массалык башаламандыктар башталган. Мындан улам Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрлиги окутууну жандандыруу тууралуу буйругун жокко чыгару чечимин кабыл алган.

Кийинчерек 11-ноябрда мектептерде экинчи чейрек башталганда, министрлик аймактардагы 1 489 мектепте гана окуу башталганын билдирген. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын окуучулары онлайн окууну улантышкан.

11-январга карата коронавирус 82 380 адамга жуккандыгы аныкталды. Алардын ичинен 1 371 адам COVID-19дун кесепетинен көз жумган. Ал эми 78 003 адам оорудан айыкты.