Жапаров: Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум июнга чейин өткөрүлөт

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум июнь айына чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийинки басма сөз жыйында Садыр Жапаров билдирди. Президенттик шайлоодо Садыр Жапаров атаандаштарынан бир топ алдыга озуп, ал эми башкаруу формасын тандоо боюнча референдумда көпчүлүк президенттик башкаруу үчүн добуш берген.

«Эл президенттик башкарууну тандады. Эми Конституциялык кеңешме жаңы Баш мыйзамдын долбоорун алып чыгып, жарыялайт. Парламент жаңы референдумдун күнүн аныктайт», — деди ал.

Саясатчы бийликтин жаңы түзүмүн, жаңы өкмөт жана жаңы парламент келет деп убада берди. Айтымында, Жапаров парламенттик шайлоонун түзүмүн өзгөртөт сыяктанат.

«Жогорку Кеңешти шайлоо системасы да өзгөрөт. Жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык система менен шайланат. Бул маселе июнь айына чейин чечилет деп ойлойм. Эмнеге дегенде, биз бардык саясий процесстерди 1-июнга чейин бүтүрүү үчүн мыйзам кабыл алганбыз. Ушундай мыйзам бар», — деди ал.

Конституцияны өзгөртүү

Бийлик конституцияны өзгөртүүгө байланышкан референдумду президенттик шайлоо менен бир күндө, 10-январда өткөрүүгө ниеттенген. Бирок Конституциянын элге сунушталган долбоору сөз эркиндигин чектөөгө, президенттин бийлигин күчөтүүгө багытталганы, ошондой эле андагы беренелер бири-бирине шайкеш келбегендиги үчүн кескин сынга кабылган. Ар жекшемби сайын мыйзамдуулук үчүн тынчтык маршы өтүүдө. 10-январда мыйзамдуулук үчүн марштын онунчусу болуп өткөн. Марштын катышуучулары Конституцияны өзгөртүүгө жана ыйгарым укуктары бүткөн алтынчы чакырылыштын мыйзамдарды кабыл алуусуна каршы.

Бийлик Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун ордуна 10-январда башка референдум өткөрүп, башкаруу формасын өзгөртүштү. Себеби шайлоочулардын көбү президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берди.

Конституция долбоорунун автору көпкө чейин табылган эмес — документке жарым-жартылай Садыр Жапаров таасир эткени айтылганга чейин авторлукка талапкерлер биринин артынан бири андан баш тартышкан.

Андан соң конституциялык кеңешме өтүп, анда Конституциянын жаңы долбоору талкууланып, акыры автору дагы аныктала баштаган — кеңешменин башчысы Бекбосун Бөрүбашев өзүн автор катары көрсөткөн. Кеңешмеде айрым беренелер боюнча талаш-тартыш болуп, кээсин алмаштырышкан. Жалпысынан бул кеңешменин мүчөлөрү долбоордун авторун, президенттик бийликти күчөтүүнү колдоп беришкен. Өзгөчө конституциялык долбоор сунуштаган Элдик курултай институту кеңешменин мүчөлөрүнүн алкоосуна татыган.

89 мүчөдөн турган кеңешменин көпчүлүк бөлүгү — Садыр Жапаровдун идеялык жактан жана түз тарапташтары, Конституциянын жаңы версиясын көрсөтүүнү демилгелегендер, ошондой эле Манас таануу, салттуу билим боюнча адистер. Кеңешменин курамында долбоорго ачык каршы чыккан бир да адам болгон эмес.

2020-жылдын декабрь айынын аягында конституциялык кеңешме Конституциянын жаңы долбоорунун биринчи варианты даяр болгонун кабарлаган. Бөрубашевдин айтымында, долбоордун скелети ошол бойдон калган: президенттик башкаруу жана президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүү, парламент депутаттарынын санын 90го чейин кыскартуу, парламенттеги пропорционалдык шайлоо системасын алып салуу [ал системага ылайык добуштар талапкерлердин тизмеси үчүн канча добуш алгандыгына жараша бөлүнөт]. Өзгөрүүлөр дагы жок эмес, алсак адам укуктары жана сот бийлигинин түзүлүшү тууралуу жоболорго өзгөртүү кирген.

Конституциялык кеңешменин ишинин биринчи баскычы аяктаганы белгилүү, ал эми экинчисинде секциялардын тексттерин юристтер жана лингвисттер талдап чыгышы керек. Үчүнчү баскычта документ жалпы пленардык отурумга чыгарылат, ал жерде добуш берүү аркылуу тиешелүү ченемдер жана жоболор кабыл алынат. Бөрүбашов Конституциянын өзгөртүлгөн долбоорун депутаттарга январдын башында көрсөтөрүн убадалаган.