Асановдун жубайы УКМКнын имаратында эсин жоготуп, ооруканага жаткырылды

Курсан Асанов 

ИИМдин башчысынын мурунку орун басары Курсан Асановдун жубайы Күлнара Үсөнканова УКМКнын имаратына суракка келген учурда ден соолугу начарлап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 13-январда маалымдады.

«Тергөө башталганга чейин Үсөнканованын ден соолугу начарлап кеткен, натыйжада Аскер медициналык кызматынын дарыгерлери чакырылган. Дарыгер “Юрфа” радиациялык диагностика борборунда текшерүүдөн өтүүнү айтып, бейтап дарыгерлердин коштоосу менен борборго жеткирилген», — деп маалымдады атайын кызмат.

Ошондой эле, ведомство аталган борбордон Үсөнкановага стационардык дарылануу сунушталып, ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук госпиталынын неврология бөлүмүнө жаткырылды деп кошумчалаган.

«Ар-Намыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов фейсбук баракчасында Курсан Асановго таянып Үсөнканова сурак берип жатканда эс-учун жоготуп, инсульт алгандыгын жазды.

«Асанов добуш берүү күнү анын жубайын суракка чакыруу туура эмес деп айтып, суракты дүйшөмбү күнгө жылдырган. Бирок, ал күнү жактоочу бошогон эмес. Анткен менен тергөөчү анын келүүсүн талап кылган. Үсөнканованын жакындары анын жактоочусу жок кезде ага психологиялык басым жасалган болушу мүмкүн деп жатышат», — деп жазган Кулов.

Куловдун айтымында, Асанов жарандык-укуктук мамилелер тууралуу сөз болуп жаткандыктан, анын жубайы доогер менен «ымалага келүүгө» даяр экендигин билдирген.

Үсөнканова «алдамчылыкка» шектелип жатат

УКМК Күлнара Үсөнканованы «алдамчылыкка» шектелип жаткандыгын 8-январда маалымадаган. Ошондой эле, ага карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Үсөнкановага карата сотко чейинки өндүрүштүн башталышына чет элдик инвестордун арызданганы себеп болгон. Доогердин айтымында, 2017-2018-жылдары биргелешип иш баштоо үчүн Үсөнкановага 5 млн доллар берген, бирок ал азыркы күнгө чейин акчасына ала албай келет.

Үсөнканова буга чейин да суракка чакырылып келген. Мындан бир жыл анын жактоочусу Икрамидин Айткулов прокуратура ага байланышы бар компанияларды текшерип жатканын айтып, суракка күбө катары чакырылганын белгилеген.

Башкы прокуратура да муну тастыктап, Үсөнканова Курсан Асановго карата козголгон кылмыш ишинин алкагында суралып жатат деп ишендирген болчу. Асанов Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүн штурмга алууда, мурдагы президентти колго түшүп берүүгө көндүргөндөн кийин укук коргоо органдарынын назарына түшкөн.

2020-жылдын башында Аскер прокуратурасы Күлнара Үсөнкановага карата ишти КЖБРге каттаган — бул Үсөнканова мурда ээлик кылган, бирок кийин жоюлуп кеткен фирмалар салык төлөбөй жүргөндүгүнө байланыштуу болчу. Юстиция министрлигинин базасында азыркы убакта Үсөнканова жетектеген же ээлик кылган фирмалар жок.

Курсан Асанов

Курсан Асанов — президентикке талапкер болгон 17 адамдын бири болгон. Ал шайлоодо 0,5 пайыз добушка ээ болду.

Асанов мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен 2019-жылы 13-августта ИИМдин башчысынын орун басары кызматынан бошотулган. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуудагы иш-аракети менен «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткан» деген жүйөө менен кызматтан алынган.

Ал эми Асанов өз кызыкчылыгын мамлекеттикинен бийик койбогонун жана өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди резиденциясын штурмга алуу учурунда колго түшүп берүүгө көндүргөн. Штурмдун жүрүшүндө спецназчылардын бири, «Альфанын» башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков ок тийип каза тапкан.

Тема боюнча:

УКМК Курсан Асановдун жубайын алдамчылыкка шектеп жатат