Президенттик шайлоодо эң көп добуш алган Садыр Жапаров фейсбук баракчасында 13-январда укук коргоо органдарына жана кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Анда ал «анын атын жамынып алып, жер-жерлерде опузалап пара талап кылып жаткандар жөнүндө маалымат бар» экенин айтып, укук коргоо органдарын «ким болбосун мыйзам бузса чара көрүүгө» чакырды.
«"Жапаровдун өкүл баласымын, жардамчысымын, кеңешчисимин” дешип, ар кайсы жерлерге барып, опузалоо менен пара талап кылып, бизнесин сурап жаткандар боюнча маалыматтар келип жатат. Мейли ким болбосун, пара талап кылган болсо, мыйзамсыз иштерди кылса, бир тууганым болсо дагы дароо камакка алгыла. Мындан ары мыйзамсыз, адилетсиз иштерге жол берилбейт!» — деп жазды Жапаров.
«250 миң доллар опузалоо»
Буга чейин шайлоого бир күн калганда Жапаровду абактан чыккандан кийин жандап жүргөн активист Мелис Аспеков жана жарандык активист Улан Жураев «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар опузалоого шектелип кармалышкан.
Аспеков — Жапаровдун Чүй облусу боюнча шайлоо штабынын жетектектегени айтылган, ал эми Жураев да Жапаровду колдоп Аспеков менен чогуу жүргөн.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүүлөр «финансы полиция ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат» деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» жетекчилеринен акча талап кылышкан.
Бул окуядан кийин Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин Аспековдун үстүнөн БШК жана ИИМге кайрылып, ал шайлоо штабынын кызматкери эмес экенин белгилеген.
Ал эми Садыр Жапаров 10-январдагы шайлоодо добуш берип чыгып, Аспеков спортчуларга үгүт маалында акча бергени айтылгандан кийин териштирүү жүргүзүлүп, ал анын штабына тиешеси жок болуп калганын билдирген.
Кийинчерээк шектүүлөр эки айга УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилген.
Жапаровдун бийликке келиши
5-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык митинггинен кийин башаламандык орун алып, Ак үй басылып алынгандан соң камактагы бир катар саясатчылар бошотулган
Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары аны УКМКнын ТИЗОсунан 2020-жылдын 6-октябрынын таңында алып чыгышкан.
Ошол эле күнү депутаттардын айрымдары — көбүнчө «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынан талапкер болгондор — «Достук» мейманканасында чукул жыйын өткөрүшкөн. Андан соң Жапаров премьер-министр катары бекитилгенин билдиришкен.
Бирок депутаттардын башка бир бөлүгү жыйында кворум сакталбаганын билдирип чыгышкан. Андан соң 10-октябрда эл өкүлдөрү дагы бир ирет чогулуп Жапаровдун талапкерлигин колдоп беришкен. Бул учурда да кворум сакталган эмес. Ал эми вице-спикер Аида Касымалиева депутаттарга карата коркутуулар болгонун жана алар басым астында келишкен деп айткан.
Үчүнчү аракеттен кийин, 14-октябрда депутаттар Жапаровду премьер-министр катары легитимдештирген жана ал министрлер кабинетин жаңылаган. Парламенттин токтомун ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков колдоп берген.
Ал эми 15-октябрда Жээнбеков кызматын тапшырган. Анын отставкасын Жапаров жана анын тарапташтары талап кылышкан. Жээнбеков өзү болсо кызматын «кан төгүлүп кетпеши үчүн» тапшырганы менен түшүндүргөн.
Кийинчерээк 20-октябрда Жапаров расмий түрдө Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп бекитилген. Андан кийин жогоку мамлекеттик кызматтарга партиялаштарын жана досторун алып келген.
УКМКнын төрагасы болуп жакын досу жана «Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев дайындалган. Ал эми Башкы прокуратураны дагы бир мекенчил Курманкул Зулушев жетектей баштаган.
Ал эми кезексиз президенттик шайлоо дайындалганда ал президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып, ыйгарым укуктарын «абакта отурган кезинде революцияны ишке ашырууну бирге даярдаган» үзөңгүлөшү жана парламенттин спикери Талант Мамытовго өткөрүп берген.
Ал эми өкмөт башчылык ыйгарымдарын аткарууну Жапаров убактылуу токтотуп, бул убакта министрлер кабинетинин жетекчилик милдетин аткаруу укугу вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөлгөн.
Президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтүп, 14-январга карата алдын ала жыйынтыктар боюнча Садыр Жапаров 79.25% менен алдыда келе жатат. Ал эми Жапаров өзү демилгелеген референдумда президенттик башкаруу формасы да 81.45% менен алдыда.
Жапаров учурда өкмөт башчылык кызматын тапшыра элек — ал муну иннаугурациядан кийин гана жасайт.