Өкмөт: Жапаров инаугурациядан кийин өкмөт башчылык кызматын тапшырат

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Рысалиев журналисттерге билдиргендей, Садыр Жапаров премьер-министрдин ыйгарым укуктарын инаугурациядан кийин гана өткөрүп берет.

«БШК расмий түрдө шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан кийин инаугурация өтөт, ал расмий түрдө премьер-министрлик кызматын тапшырат. Ага чейин өкмөт башчынын милдеттерин аткаруучу Артём Новиков болуп турат», — деп Рысалиев белгиледи.

Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана башкаруу системасын тандоо боюнча референдум болуп өттү.

БШКнын маалыматына караганда, кол санактын 12-январга катара жыйынтыгы кыргызстандыктардын 81,56%ы Садыр Жапаров үчүн жана 83,29%ы президенттик башкаруу формасы үчүн добуш бергенин көрсөткөн.

Мындан улам Жапаров кезексиз шайлоодо атаандаштарын кыйла артта калтырып, алдыга чыкты. Байкоочулар президенттик шайлоону дагы, башкаруу формасын аныктоого арналган референдумду дагы өттү деп тааныды.

Садыр Жапаровдун эки кызматы

Садыр Жапаров өлкөдө эң маанилүү эки кызматты төңкөрүш жана президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы менен аяктаган 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин ээлей баштаган.

6-октябрга караган түнү тарапташтарынын жардамы менен абактан бошотулгандан кийин Садыр Жапаровду премьер-министрликке талапкер катары көрсөтүшкөн. Өткөө мезгилдин убактылуу төрагасы Мыктыбек Абдылдаев башка талапкерлерди кабыл алган эмес.

Үчүнчү аракеттен кийин, 14-октябрда депутаттар Жапаровду премьер-министр катары легитимдештирген жана ал өз министрлер кабинетин дайындаган. Кийин 20-октябрда Жапаров расмий түрдө Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп бекитилген.

Шайлоого катышуу маалында ал президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырып, ыйгарымын «абакта отурган кезинде революцияны ишке ашырууну бирге даярдаган» үзөңгүлөшү жана парламенттин спикери Талант Мамытовго өткөрүп берген.

Ал эми өкмөт башчылык ыйгарымдарын аткарууну Жапаров убактылуу токтотуп, бул убакта министрлер кабинетинин жетекчилик милдетин аткаруу укугу вице-премьер-министр Артём Новиковго жүктөлгөн.

ТЕМА БОЮНЧА КАРАҢЫЗ:

Эл аралык байкоочулар: Шайлоодо бирдей атаандаштык болгон жок