Жапаров президенттик ыйгарымдарды расмий кабыл алды. Жаңы кызматта ал кимге кандай буйрук берди?

Жакында эле премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу «Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну кабыл алуу жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жапаров анда министрликтерге жана ведомстволорго өлкөдөгү эң негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Алар биринчи кезекте төмөндөгү иштерди жасашы керек.

Коронавирус жана жок болуп бараткан бизнес

Өкмөт калаада жана аймактарда бир гана өз ресурсуна таянбастан коронавирустун алдын алууну улантышы керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саламаттыкты сактоо жаатында адистешкен коомдук уюмдардын катышуусунда коронавирус оорусун калк арасында жайылтпоо боюнча иштерди күчөтүшү керек. Коронавирусту жугузуп алган бейтаптарды аныктоочу жана аларды дарылоочу медициналык мекемелерди каржылоону үзгүлтүккө учуратпастан аталган максаттарга бюджеттен жетиштүү каражаттарды бөлүп бериши зарыл.

Мындан тышкары, өкмөт кыргыз экономикасынын түзүмүн жакшыртууну иштеп чыгат. Учурдагы экономикалык система алсыз: 2019-жылдагы маалыматка ылайык, мигранттар которгон акча экспорттон түшкөн кирешеден да, чет өлкөлүк инвестициялардан да ашат.

Жапаров министрлер кабинетинен кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жаңы мыйзам да күтөт. Эми жеке капитал менен жеке менчик рейдерлерден корголот, инвесторлорго жагымдуу шарттар түзүлөт. Банктарга туруктуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

Өлкөдөн капиталдын чыгып кетүүсү көзөмөлгө алынат, Жапаров каражаттардын мыйзамсыз чыгып кетүү каналдарын Улуттук банк менен министрлер кабинетине бөгөттөөнү буйруду. Документте «мыйзамдуулугу» кантип аныкталып жана кантип көзөмөлдөнөөрү көрсөтүлгөн эмес.

Соттор жана улуттук коопсуздук

Жапаров үчүн экинчи артыкчылыктуу багыт — улуттук коопсуздукту камсыздоо. Жапаровдун «Мекенчил» партиясынын тең түзүүчүсү жана УКМКнын жетектеп аткан досу Камчыбек Ташиев ИИМ жана финполдун жардамы менен криминалитет менен күрөшөт. Мындан тышкары, УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун жана криминалитеттин айрым өкүлдөрүнүн бизнести жана мүлктү мыйзамсыз тартып алууларына каршы турушу керек.

Ошол эле учурда Башкы прокуратура жасалган иш тууралуу күндө отчёт берип турууга тийиш. Ал эми жериндеги прокурордук көзөмөлдү күчөтүш керек.

Учурдагы мыйзам боюнча, президенттин милдетин аткарып жаткан Жапаров өлкөнү кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин башкарат. Конституциянын 68-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары кезексиз президенттик шайлоого катыша албайт. Бирок эгер анын пайдасына Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө үлгүрүшсө, ал бул кызматка талапкерлигин коюуну пландап жатканын айткан.

БШК Кыргызстандагы кезексиз президенттик шайлоонун так күнүн белгилей элек. Бирок Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова бир нече күн мурда шайлоо 2021-жылдын 17-январында өтүшү мүмкүн экенин айткан.