Ош: Кылыч Саркарбаев үй камагына коё берилди

Кылычбек Саркарбаев үй камагына коё берилди. Бул тууралуу Ош шаардык соту кабарлады. Ошол эле учурда, мурдараак Саркарбаев 2021-жылдын 16-февралына чейин эки айга тергөө абагына камакка алынат деп айтылган эле.

Кылыч Саркарбаев жасалма паспорт алууга шектелип 17-декабрда кармалган. УКМК ал 2006-жылы «Тоноо» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу кесилгенин кабарлаган. Саркарбаев өзүнүн соттолгондугу тууралуу маалыматты жаап-жашыруу максатында жасалма документтер менен жалпы жарандык паспорт алганы айтылган.

Ал аты-жөнүн өзгөрткөнгө чейин Кылыч Сулайманов Асылбекович болгон. Өзгөртүлгөн паспорт менен Ош шаардык спорт комитетинин башчылыгына келген.

Ошондой эле, УКМК Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери «Женго» каймана аты менен белгилүү болгон Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта экенин маалымдаган. Мындан сырткары, көптөгөн криминалдык чыр-чатактарга катышканы айтылган.

Саркарбаев камакка алынгандан кийин Ош шаардык мэриясынын спорт комитетинин жетекчилик кызматынан бошотулган.

Кылыч Саркарбаев деген ким?

Сакарбаев Ош шаардык мэриясынын спорт комитетин 2017-жылдан тарта жетектеп келет.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун пикир келишпестиктен улам тапанча менен атып жибергенин маалымдаган. Окуя Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Аталган факт «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, жоон санына ок тийгени аныкталган. Кийинчерээк Рахманберди уулу Саркарбаев менен ага-ини мамиледе экенин айтып, тапанча менен өзүн-өзү атып алганын билдирген. Ал эми Саркарбаев да спортчуну атпаганын кабарлаган.

Анткен менен спортчу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видео кайрылуу жасап, аны Саркарбаев бутка тапанча менен атканын айткан. Мындан сырткары, ал Саркарбаев Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен бирге аны «арыз жазба» деп коркутканын билдирген.

Ал эми Саркарбаев өзү муну төгүндөп, ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында «кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат» деген пикирди айткан.

Мындан улам Саркарбаев үстүбүздөгү жылдын 17-февралынан убактылуу иштен четтетилип, кайра августта ишке кайткан. Ош мэриясы Саркарбаев укук коргоо органдарынан Кара-Суу районундагы атышууга тиешеси жок деген документтерди алып келгендигин маалымдаган.

Тема боюнча: