Асылбек Жээнбековдун троллдор жана фейктер менен байланышы — «Азаттык»

«Азаттык» радиосунун журналисти Токтосун Шамбетов фейктер менен иштешкен сайт кимге таандык экенин аныктады. Ал киши экс-спикер Асылбек Жээнбековдун жакын адамы болуп чыккан. «Клооп» иликтөөнү баяндап берет.

Жакында эле «Фейсбук» компаниясы жалган маалымат тараткандыгы үчүн Кыргызстандын жүздөгөн фейк аккаунттары өчүрүлгөнүн маалымдаган. Ошондой эле, компания фейктер Media Center сайты менен байланыштуу экенин аныктаган — аталган сайт Асылбек Жээнбековдун мурдагы басма сөз катчысы Нуркан Керимбаевге таандык.

«Фейсбуктун» отчётуна караганда, компания фейсбуктагы 121 профилди, 46 баракты жана 7 тайпаны, ошондой эле инстаграмдагы 41 аккаунтту өчүргөн.

Компания айрым бөгөттөлөгөн аккаунттар, барактар жана тайпалар мурдараак ЖМКлардын өкүлдөрү, мамкызматкерлер жана Media Center сайты менен байланыштуу болгонун аныктаган. Фейктер 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо жана 2021-жылдагы президенттик шайлоодо айрым саясатчыларды колдоп же сындашкан.

Компаниянын маалыматына ылайык, бул аккаунттар аларга керектүүрөөк болгон жаңылыктарды таратуу үчүн фейсбуктагы жарнамага 1250 доллар коротушкан.

Медиа-менеджер Жаннат Токтосунова жакында болуп өткөн коомдук-саясий окуяларда фейк аккаунттар коомчулуктун оюн манипуляциялоодо маанилүү роль ойношконун белгиледи. Анын айтымында, фейктердин саны барган сайын өсүүдө.

«Бардык саясатчылар чөнтөгүнө жараша фейк топторду багып жатканы жаңылык болбой калды. Тилекке каршы, бул кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Facebook аларды жаап жатканын кубаттайм. Бирок өткөн эки шайлоодо элдин маанайын буруп, таасир этип бүткөндөн кийин гана жабылганы өкүнүчтүү», — дейт Токтосунова.

Ошондой эле, ал фейктер иш ыкмасын дайыма өзгөртүп жатышкандыктан, аларды аныктоо татаалдашып баратканын кошумчалады.

«Азаттыктын» журналисттеринин маалыматына караганда, Меdia Center 2019-жылдын аягында Нуркан Керимбаев тарабынан ачылган. Ал экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков парламент төрагасы болуп турганда басма сөз катчысы болуп иштеген.

Баса, Асылбек Жээнбеков өткөн жылдын октябрь айында бийликчил деп аталып жүргөн «Биримдик» саясий партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан.

Ал эми Керимбаев буга чейин «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин башчысынын орун басары болгон. Ал экс-спикер менен жакындан тааныштыгын жашырбайт. Бирок өткөн шайлоодо троллдор-фабрикасы жана интернеттеги фейк-аккаунттарды кайсыл бир саясий күчтөрдү колдоо үчүн колдонгонун мойнуна алган эмес.

Анын айтымында, Меdia Center өткөн парламенттик шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясынан расмий каттоодон өтүп, партиялардын үгүт материалдарын жайгаштырып иштеген. Бирок, эң капчыктуу партиялар жарнамаларын иштегенине бир жыл болуп-болбогон медиага бергени кызык болгон.

«Биз “Бир Бол”, “Республика”, “Кыргызстан” жана “Биримдик” партиялары менен иштештик. Алар берген материалдарды сайтыбызга жайгаштырып берип жаттык. Мен муну мындай божомолдоп жатам: төрт партиянын өзүнүн пиар компаниясы бар. Алардын СММ (SMM) командасы бөлүшөт, социалдык тармактар аркылуу таратат. Балким ошондон да болушу мүмкүн», — деди Керимбаев.

Керимбаевдин айтымында ушу тапта Media Center сайтында төрт кызматкер онлайн режимде иштейт.

Фейктер армиясы тууралуу

Фейсбук башка дагы ондогон катталуучуларды өчүргөн. Булардын көпчүлүгү саясий партиялар менен байланышкан комментарийлерди жазууга адистешкен аккаунттар болгон.

«Азаттыктын» журналисти «Мекеним Кыргызстан» партиясынын баракчасына жакшы комментарийлерди, ал эми эл көп окуган «Азаттык», «Клооп», «Кактус», «Акипресс» медиа мекемелеринин веб-сайттарына чыккан макалаларга терс маанайдагы комментарийлерди калтырган фейк аккаунттардын түйүнүн мисал келтирген. Ал комментарийлер мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү менен «Мекеним Кыргызстан» партиясын сындаган материалдарга асылган, орой формада жазылган. Ошол эле маалда аккаунт ээлери партиянын оппоненттерин жамандап турушкан.

«Азаттыктын» журналисттери «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү менен байланыша алган эмес. Бирок алардын пикирине орун берүүгө даяр экенин айтышкан.

Журналисттердин фейктер менен күрөшү

«Азаттык» «Клооптун» журналисти, фейктер тууралуу иликтөөнүн авторлорунун бири Рустам Халимовдон комментарий алган. Ал кайсы бир медиада журналисттик иликтөөлөр жарыяланган учурда сайттын баракчалары троллдор армиясынын чабуулуна кабыла турганын айтып берген. «Клооп» мандемдүү аккаунттар боюнча «Фейсбук» компаниясына дагы кайрылган. Халимов кожоюндарын улам алмаштырып, буюртма алып иштеген туруктуу фейктер бар экенин айтып берген.

«Анча тажрыйбасы жок Интернет колдонуучу ал маалыматтарга ишенип алышы мүмкүн. Бирок бизге фейк экени белгилүү эле болчу. Алар бири-бири менен социалдык тармактарда дос, андыктан байланыштуу экенин түшүндүк. Биз бул бир эле адамдар деп так айта албайбыз, бирок бир эле топко ар кайсы саясий күчтөр алардын кызыкчылыгы үчүн иштеп берүүнү өтүнүп кайрылышы мүмкүн экенин билебиз», – дейт Халимов.

Кыргызстанда саясий күчтөр айрыкча шайлоо мезгилинде социалдык тармактарда каршылашын сындап, кожоюнун мактап-жактаган троллдор фабрикасын колдонору жаңылык болбой калды. Kaktus media, Temirov Live, «Клооп» жана «Азаттык» медиалары социалдык тармактарды каптаган фейктер, троллдор жана боттор жөнүндө байма-бай иликтөө жүргүзүп келишет.

ТЕМА БОЮНЧА: