Маданият министри Чокоев жана Примберидиев менен кызматташа турган болду

Курал Чокоев, Нуржигит Кадырбеков жана Кайрат Примбердиев

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков 18-январда ырчылар Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиевди кабыл алды.

«Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды», — деп берилет министрликтин билдирүүсүндө.

Мындан сырткары Кадырбеков ырчылар менен фонограмма колдонуу көйгөйүн чечүү, ошондой эле «массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу» боюнча пикир алмашканы кабарланды.

Министр VS Чокоев жана Примбердиев

Буга чейин, 13-январда, Кадырбеков Курал Чокоевдин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алган. Ошондой эле министрлик ырчы Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушун президенттик аппаратка жиберген.

Маданият министрлиги бул кадамга Курал Чокоевдин «В п#зду звезду» берүүсүнөн кийин барган. Ырчынын Youtube-каналында жарыяланган шоуда Чокоев жана үч комик башка ырчыларды конокко чакырып, аларды тамашага салышкан.

Бирок көп өтпөй акын-жазуучулар жана социалдык тармактын колдонуучулары «В п#зду звезду» берүүсүн сөгүнгөн сөздөр жана уят тамашалар бар болгону үчүн сынга алышкан. Ошондой эле алар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен чара көрүүнү талап кылышкан.

Мындан улам Чокоев Инстаграм-баракчасында кайрылуу жасап, конокко келген ырчылардын «кадыр-баркына шек келтирүү» шоунун максаты болгон эмес деп билдирген. Ошондой эле ал берүү улана турганын кошумчалаган. Себеби программа анын жеке Youtube-каналында жарыялангандыктан аны ар бир киши өз ыктыярына жараша көрө алат.

«Көрдүңүздөр, уктуңуздар — өтө хайп болуп жатабыз. Проект башталганда хайп болууну каалаганбыз, бирок мынчалык болуп кетээрин ойлогон эмеспиз. Долбоор “пилотный” болгондуктан катачылыктар көп, аны моюнга алабыз. Сөгүнүү өтө аша чаап кеткен, конструктивдүү критиканы кабыл алып, баарын оңдоого аракет жасайбыз. Бирок “Прожарка” проекти токтобойт, бул улана бермекчи», — деген Чокоев.

Ал эми шоуга конокко барган Кайрат Примбердиев ал жерде «роль иретинде» гана сөгүнгөнүн билдирип, элден кечирим сураган. Анткен менен ал «элдин ырыскысын тоноп аткан коррупционерлерге, адилетсиз сотторго, аялын кордогон эркектерге да жалпы каршы чыксак жакшы болот эле» деп белгилеген.

Кийинчерээк Чокоев «В п#зду звезду» шоусу жабылганын кабарлап, коомчулуктан кечирим сураган.

Жарандык көзөмөл комитети болсо Нуржигит Кадырбековдун билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп, анын отставкасын талап кылышкан.