Акыркы суткада коронавирустун жаңы 90 учуру катталды, үч бейтап каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 19-январда коронавирустун жаңы 90 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 22синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 68инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 21;

Чүй облусу — 37;

Жалал-Абад облусу — 3;

Ош облусу — 1;

Баткен облусу — 3;

Ысык-Көл облусу — 23;

Нарын облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 83 268ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 27 816. Ал эми Чүй облусунда — 12 073, Ош облусунда — 8 361, Жалал-Абадда — 9 898, Ысык-Көлдө — 7 500, Ош шаарында — 5 554, Баткенде — 7 175, Нарын облусунда — 2 317 жана Талас облусунда — 2 574 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 402.

Ошондой эле, акыркы суткада 145 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 61, Чүй облусунда — 45, Жалал-Абад облусунда — 5, Ош облусунда — 4, Ош шаарында — 2, Баткен облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 22, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 79 249 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 742 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 37 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 958 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан — эки, Ош облусунан — бир COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 390 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок. Ал эми бир сутка ичинде эки медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 158ге жетти, анын ичинен 4 061 медкызматкер илдеттен айыкты.