Оштун тургуну атасынын мыйзамсыз кармалганын айтып УКМК жетекчисине кайрылды

Айсулуу Укуева/Мирбек Калыбаев Сүрөт: Akipress басылмасынын видеосунан скриншот кылып алынды

Ош шаарынын тургуну Айсулуу Укуева УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Анда ал Ош милициясы 17-январда анын атасын «негизсиз жана адвокатсыз» камакка алганын, буга анын мурдагы күйөөсү жана Оштогу таасирлүү ишкер Жалил Атамбаевдин тиешеси бар экенин айтууда.

Анткен менен Ош милициясынын басма сөз кызматы аялдын айткандарын «негизсиз» деп, жогорку инстанцияларга кайрылса болоорун билдирди. Ал эми анын мурдагы күйөөсү аялдын айткандарын четке кагып, «кайын атасы аны сабаганын» айтууда.

Укуева кайрылууда эмне деген?

Укуева кайрылуусунда алар эки жылдан бери «Жалил Атамбаевдин тууганы — өзүнүн мурдагы күйөөсү менен соттошуп келе жатышканын, бирок тиешелүү органдарга кайрылса да акыйкат таба албай жатканын» айтат.

Ошондой эле ал алардын иши тергелип жаткан Ош ШИИБинин жетекчиси Мурат Боронов Атамбаевдин «өкүл уулу» экенин, ал эми Ош облустук сотунун төрагасы болсо «Атамбаевдин уулуна өкүл ата» болгонун айтты. Мындан улам ал атасынын камакка алынышы да Атамбаевдин буйругу менен болду деген пикирде.

«Ушул жетекчилердин баары Атамбаевдин өзүнүн адамдары болуп, биз карапайым адамдар ушундай жапа чегип жүрөбүз. Ош шаарында бардык кара иштер Атамбаевдин буйругу менен болуп, бүт нерселер акыйкатсыз каралып жатат», — деген Укуева.

«Мурдагы милиционер, Жалил Атамбаевдин тууганы»

Укуева буга чейин да 2020-жылдын июль айында Kaktus басылмасына кайрылып, анын күйөөсү Мирбек үйүн жана атасынын бизнесин тартып алганына даттанган.

Ал анын күйөөсү мурда милиция кызматкери болуп Ош аэропортунда иштегенин, ошондой эле ишкер Жалил Атамбаевдин жээни экенин айтып, мындан улам милиция кызматкерлери жана сот алардын иши боюнча акыйкат чечим чыгарбаганына даттанган.

Жалил Атамбаев да милициянын отставкадагы полковникиги, ал да буга чейин Ош аэропортунун Аба транспорту бөлүмүн жетектеп турган.

Аял буга чейин күйөөсү экөө уруша кеткенин, ал төркүнүнө кеткен кезде анын атасы алып берген үйдү күйөөсү сатып жибергенин айткан.

Ошондой эле ал анын атасы мурда күйөөсүнөн май куюучу жай сатып алганын, бирок Укуева күйөөсү менен эки ажырым жолго түшкөн соң күйөөсү мурдагы кайын атасына жасалма документтер менен ал акчаны төлөгөн эмес деп иш козготконун айткан.

«Бул иш тез эле тергелип, сотко өткөн. Ал эми эки соттук инстанция да чечимдин күйөөм тарапка чечип беришкен. Бирок тергөө учурунда күбөлөр жана май куюучу жайдын арендатору менин атам ээси болгонун тастыкташкан. Ал бүт жылдар бою өзүнүн атынан салык төлөгөн, баардык тастыктоочу документтери болгон. Бирок сот жана тергөө бизди тоготкон жок», — деген ал.

Ошондой эле ал атасы анын мурдагы күйөөсүнө «акчаны эсептеп бергенин» көргөн күбөлөр бар экенин айтып, тиешелүү органдардын чара-көрүүсүн суранган болчу.

Милиция эмне дейт?

Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Укуеванын 17-январдагы кайрылуусунда Ош ШИИБинин башкармалыгына карата айткандарын четке кагып, анын сөздөрү эмоция учурунда айтылган дейт.

Анын айтымында, 2020-жылдын 9-декабрь күнү Укуеванын атасы Ош ШИИБинин имаратында өзүнүн мурдагы күйөө баласына «күтүүсүздөн кол салып», анын колу сынган. Экспертиза күйөө баласынын оң колунун сөөгү ачык сынган жана денеге анча оор эмес залал келтирген деген бүтүм чыгарган.

Мындан улам Укуеванын атасына карата «Денеге анча эмес оор залал келтирүү» беренеси менен иш ачылган. Бул иштин алкагында ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

«Негизинен, эки тараптын мурда үй-бүлө маселесине байланыштуу чыккан чырдан улам аларды Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы карап жаткан [...] Эгерде тараптар Ош ШИИБинин тергөө кызматына нааразычылыктары, ишенбөөчүлүктөрү болсо башка тиешелүү жогорку инстанцияларга кайрылса болот», — деди ал.

Мындан сырткары Сыдыков Укуеванын атасын суроо учурунда жанында алвокаты болгон дейт. Ошондой эле ал атасы буга чейинки алдамчылык иши боюнча пробациялык мөөнөттө жүргөнүн кошумчалады.

«Атамбаев менен бир айылдан эле болбосок, тиешем жок»

Ал эми 18-январда Укеванын мурдагы күйөөсү делген Мирбек Калыбаев жакындары менен маалымат жыйын курду. Анда ал кайын атасы ага «жүйөөсүз кол салганын», ал эми мурдагы аялы Атамбаевди жана башкаларды ишке «негизсиз аралаштырып жатканын» айтууда.

Ал Укуеванын айткандарын чындыкка дал келбейт деп, мурдагы аялы «спирт ичимдигин ичип алып, эмоцияга алдырып кайрылуу жасаган» дейт.

«Оштогу атуу баштуу адамдарды кошуп, ШИИБдин башчысын кошуп, “ушуларды айтсам, ушуларды жамандасам эле менин атамдын иши оңолуп кетет, атамдын иши жакшы жака чечилип кетет” деген ой менен айткан сөздөрү чындыкка дал келбейт», — дейт Калыбаев.

Ошондой эле ал Жалил Атамбаев менен эч кандай байланышы жок экенин айтып, бирок бир айылда туулуп-өсүшкөнүн билдирди.

«Биз мисалы үчүн Кара-Кулжа районунан болобуз. Атамбаев Жалил биздин айылдан эле болбосо биздин ага эч тиешебиз жок», — деди ал.

Жалил Атамбаев өзү ким?

Атамбаев мурда ички иштер органдарында иштеп, кийинчерээк ишкерликке өткөн. Ал Кыргызстандын түштүгүндөгү таасирлүү кишилердин катарына кирет.

«Азаттыктын» мурдагы журналисти Ыдырыс Исаков өткөн жылдын апрель айында «Ош: салыктан буйтаган “ишкерлер”» иликтөөсүн жарыялаган. Анда ал Жалил Атамбаевдин туугандарына катталган компаниялардын схемалары тууралуу айтып берип, салыктарды жашыруу болуп жатканын ашкерелеген.

Ошондой эле тасмада жергиликтүү дыйкандардын даттануулары да көрсөтүлөт. Дыйкандар Жалил Атамбаев алардын жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге май куюучу бекет куруп алгандыгын айтышат.

Көп өтпөй Атамбаев Исаковду сотко берип, андан 50 млн сом моралдык компенсация талап кылган. Исаковду колдоп журналисттер менен Кыргызстандагы жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары да чыгышкан — алардын арасында вице-спикер Аида Касымалиева жана Алтынбек Сулайманов да болушкан.

Кийинчерээк ишкер өз доосун чакыртып алган. Ал эми Финансы полиция Жалил Атамбаевдин ишкерлигин текшерип, анын натыйжасында 40 млн сом салык жашырылганын аныктаган.

Атамбаев 2020-жылдын Ош шаарындагы миң кишилик «Рамазан» ресторанында уулун үйлөгөнү коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Анын тоюна депутаттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов жана Аида Касымалиева катышкан. Ошондой эле иш-чарада Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов, экс-мэр Мелис Мырзакматов жана ЖАМКтын мурдагы жетекчиси Мелис Турганбаев да көрүүгө болгон. Ал эми тойду алып барган Санжар Мыкыев ага 1000ге чукул киши чогулганын айткан.

Атамбаевдин тоюнда белек катары тизилген үч унаа жана үй-тиричлик буюмдары да коомчулуктун көңүлүн бурган.

Ал эми кийинчерээк УКМК аталган үлпөт той боюнча териштирүүнү баштаган. Атайын кызмат той учурунда «санитардык нормалар одоно бузулганын» белгилеген.

Ошондой эле УКМКдан Атамбаевдин уулу өзү атайын кызматта иштээрин, ага карата да «кызматтык иликтөө» башталганын кошумчалаган.