Ырчы Самара Каримова ишке чыкты, бирок жамаат дагы деле каршы болууда

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директорунун иш бөлмөсүнө 19-январда кирип отурду. Каримова өзүнүн бул кызматка келишин «мыйзамдуу» деп эсептейт.

«15-январдан бери жааматтын ичинде түшүнбөстүктөр болуп, аны ким, эмне себептен кылып жаткандарынын бардыгы такталды. Менде WhatsAppта жана [башка соцтармактарда] фейк-аккаунттар кандай чагымчылдык жүргүзүп жатканы тууралуу да маалыматтар бар», — деди Каримова.

Ырчынын айтымында, музыкалык окуу жайдын жамаатын мурдагы директор Нурлан Каримов ага каршы күүлөп жатат. Анткен менен мурдагы директор буга чейин «кызмат керек болсо бошотуп берем», «сотко кайрылбаймын» деп билдирген.

Окуу жайдын мугалимдери ырчынын сөзүн четке кагып, Нурлан Каримовдун эч кандай тиешеси жок деп айтып жатышат.

«Бул жалган. Директор Самара келгенде жөн эле өзү кетип калган. Биз өзүбүз каршыбыз, мугалимдер бардыгыбыз каршыбыз. Самараны бул жерге бир саат дагы отургузбайбыз», — деди мугалимдердин бири.

«Кулпуну бузуп кирүү»

Самара Каримова 18-январдын кечинде окуу жайдын имаратына белгисиз кишилердин коштоосунда келип, директордун бөлмөсүнүн кулпусун алмаштырып кеткен. Ал үчүн мурдагы кулпуну буздурган. Буга музыкалык окуу жайдын кызматкерлери ачкычты берүүдөн баш тартканы себеп болгон. Бирок Каримованын айтымында, ачкыч жоголуп кеткен.

Мындан сырткары Самара Каримова окуу жайдын кызматкерлери «соттун чечимин аткарбаганы үчүн» алардын үстүнөн милицияга кайрылган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту ырчы Самара Каримованын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каршы доосун 2020-жылдын 17-декабрында канааттандырган. Каримова министрликтин 2018-жылдын 1-ноябрында аны Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директор кызматынан бошотуу тууралуу буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Сот отурумунда маданият министрлигинин өкүлү Каримова «иштен мыйзамсыз алынганын жана аны кызматка кайтаруу керектигин» толугу менен моюндаган.

Ал эми маданият министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Каримованы окуу жайдын директор кызматына 15-январдан тарта кайтаруу тууралуу буйрукка 14-январда кол койгон.

Анткен менен окуу жайдын жамааты Каримованы директор катары таануудан баш тартып жатат. Мындан сырткары, алар Каримова бул кызматты аркалоо үчүн билими жетишсиз деп эсептешет.

Жогорку соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 16-январда ырчынын кызматка кайтуу аракети мыйзамсыз экенин жазып чыккан. Сооронкулова Эмгек кодекси боюнча ырчы кызматынан алынгандан кийин эки айдын ичинде сотко даттанышы керек болчу деп жазып чыккан — Каримова Биринчи май райондук сотуна эки жылдан кийин кайрылган.

Маданият министрлиги Биринчи май райондук соттун чечимин 15-январда Бишкек шаардык сотуна даттанууга аргасыз болду. Бирок Каримова бул тууралуу кабары жок экенин айтууда.