«Матраимов темасын козгобо». Журналист Шаиста Шатманова ага басым болгонун айтты

Шаиста Шатманова

«Super TV» Youtube-каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнүн алып баруучусу, журналист Шаиста Шатманова депутат Искендер Матраимов тарабынан «басымга» кабылганын кабарлады.

*«Саясий коктейль» берүүсүндө Шаиста Шатманова өлкөдөгү белгилүү саясатчы, коомдук ишмер жана журналисттер менен маектешет. Акыркы айда бул берүүгө Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Али Токтакунов, Канат Исаев, Алмамбет Шыкмаматов жана башка саясатчылар келишкен.

Журналисттин айтымында, ал президенттин м.а. төрага Талант Мамытовдон интервью алуу үчүн ага суроолорду алдын ала жиберген — алардын ичинде Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тиешелүү суроолор да болгон. Тагыраак айтканда, Шатманова Талант Мамытовго Матраимовдордун адвокаты Лейла Байдаева Свердлов райондук сотуна судья болуп дайындалышы тууралуу суроо узатмак.

Кечинде бир чети кооптондурган, бир чети ойго салган телефон чалуу болду - Матраимов темасын козгобо, ал тууралуу сөз...

Опубликовано Шаистой Шатмановой Понедельник, 18 января 2021 г.

«Ал [Искендер Матраимов]: “Кечке эле Матраимов деген темага жабышып эле калдыңар. Кыргызстанда башка маселе, башка тема калбай калганбы?” деген сөздөрдү айтты. Буйрук берген жок, албетте. Бирок “Башка тема жокпу?” деген суроонун өзүн басым көрсөтүү деп ойлойбуз», — деди Шатманова «Азаттыкка».

Ал эми депутат Матраимов журналистке чалганын тастыктап, бирок басым жасабаганын айтууда. Мындан сырткары ал бул чалуу Талант Мамытовго тиешеси жок экенин кошумчалаган.

Матраимовдун иши

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.

УКМКнын кызматкерлери Матраимовду 20-октябрда кармашкан. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Матраимов жана башка кызмат адамдары 2016-жылдан бери мамлекеттик бажы системасында коррупциялык схеманы түзүп иштетип келишкен.

Анткен менен ошол эле күнү Матраимов коё берилгени белгилүү болгон. УКМК экс-бажычы тергөө менен келишим түзүп, 2020-жылдын аягына чейин мамлекеттин казынасына 2 млрд сом төлөп берүүнү убада кылганын билдирген.

Мурдараак УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сомдук зыянды толугу менен төлөп бергенин билдирген. Бул сумманын көбүн, тагыраагы 1,4 млрд сомду Матраимов Каржы министрлигинин атайын эсебине которгон, калганын соода борбору жана 9 батир түрүндө берген.

Матраимовдун иши боюнча тергөө аяктай элек — УКМК анын бажы башчысынын орун басарлык кызматынан бошотулгандан кийин бажы тармагындагы коррупцияга тиешеси бар-жогун карап жатат. Тергөөчүлөр анын Орусия, Кытай, Казакстан жана Өзбекстан — эл аралык аткезчилик менен болгон байланышын териштирмекчи.