Ырчы сот өкүмү күчүнө кире электигине карабай окуу жайда иштөөнү улантты

Сүрөт: "Т-Медиа"

Материал саат 14:30да жаңыртылды

Ырчы Самара Каримова 20-январда Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына түшкө жакын барды. Мугалимдердин айтымында, жамаат Каримованын келгенин түштөнүүгө чыгып келгенден кийин көрүшкөн.

«Учурда жамаат менен эмне кылууну ойлонуп жатабыз», — деди окутуучулардын бири.

Ошондой эле Каримова өзү да Инстаграм баракчасына директордун бөлмөсүнөн сүрөт жүктөгөн — «Иш күнүңүздөр көңүлдүү улансын» деп жазган ырчы.

Буга чейин аталган окуу жайдын мугалимдери «Клоопко» саат 12:00 чамасында Каримова жумушка келбегенин айтышкан болчу. Ошондуктан кадимки тартипте иштеп жатышканын белгилешкен.

Каримованын директорлук кызматка кайтуу аракети

Бишкектин Биринчи май райондук соту ырчы Самара Каримованын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине каршы доосун 2020-жылдын 17-декабрында канааттандырган. Каримова министрликтин 2018-жылдын 1-ноябрында аны Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директор кызматынан бошотуу тууралуу буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.

Сот отурумунда маданият министрлигинин өкүлү Каримова «иштен мыйзамсыз алынганын жана аны кызматка кайтаруу керектигин» толугу менен моюндаган.

Ал эми маданият министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Каримованы окуу жайдын директор кызматына 15-январдан тарта кайтаруу тууралуу буйрукка 14-январда кол койгон.

Анткен менен окуу жайдын жамааты Каримованы директор катары таануудан баш тартып жатат. Мындан сырткары, алар Каримова бул кызматты аркалоо үчүн билими жетишсиз деп эсептешет.

Жогорку соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 16-январда ырчынын кызматка кайтуу аракети мыйзамсыз экенин жазып чыккан. Сооронкулова Эмгек кодекси боюнча ырчы кызматынан алынгандан кийин эки айдын ичинде сотко даттанышы керек болчу деп жазып чыккан — Каримова Биринчи май райондук сотуна эки жылдан кийин кайрылган.

Маданият министрлиги Биринчи май райондук соттун чечимин 15-январда Бишкек шаардык сотуна даттанууга аргасыз болду. Ал эми райондук соттон ырчыны ишке кайтаруу тууралуу өкүм күчүнө кире элек дешти.

Самара Каримова 18-январдын кечинде окуу жайдын имаратына белгисиз кишилердин коштоосунда келип, директордун бөлмөсүнүн кулпусун алмаштырып кеткен. Ал үчүн мурдагы кулпуну буздурган. Буга музыкалык окуу жайдын кызматкерлери ачкычты берүүдөн баш тартканы себеп болгон. Бирок Каримованын айтымында, ачкыч жоголуп кеткен.

Мындан сырткары Самара Каримова окуу жайдын кызматкерлерин «соттун чечимин аткарбай жатышат» деп айыптап алардын үстүнөн милицияга кайрылган.

Ал эми 19-январда ырчы окуу жайга барып мурдагы директор Нурлан Каримовдон тиешелүү документтерди өзүнө өткөрүп алган. Бирок юристтердин айтымында, райондук соттун өкүмү күчүнө кире элек болгондуктан Каримованын кызматка киришүүгө укугу жок.