АКШ кыргызстандыктар үчүн киргизилген визалык чектөөнү алып салды

Жо Байден

Америка кошмо штаттарынын 46чы президенти Жо Байден Кыргызстандын жарандары үчүн коюлган визалык чектөөлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыкты жокко чыгарды. Маалыматты 20-январда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

АКШнын элчилиги визалык чектөөлөрдүн алынышы Кыргызстанда биометрикалык идентификация чиптерин камтыган электрондук паспорттордун иштелип чыгышы себеп болгонун билдирди.

«Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү өркүндөттү», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга өткөн жылдын январь айында чектөө киргизген.

Кыргызстандыктардын иш сапарлары же туризм үчүн берилген кеңири жайылган В тибиндеги визаларды гана алууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Трамптын администрациясы түшүндүргөндөй, чектөөлөр «АКШнын минималдык коопсуздук талаптарына жооп бербеген же АКШ менен мыйзамсыз иммиграцияны алдын алуу жаатында кызматташпаган» өлкөлөргө каршы киргизилген.

Мамлекеттик каттоо кызматы, жаңы жарандык паспорт 2021-жылдын апрель айынан тарта бериле турганын убада кылган.