«700 миң сомдук зыян төлөндү». Финпол Түштүк-батыш бажысынын тескөөчүсүн кармады

Иллюстративдик сүрөт

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-батыш бажысынын тескөөчүсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн кармалды. Ал учурда Ош шаарындагы Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу Финансылык полициянын Ош шаары боюнча башкармалыгы маалымдады.

Ага ылайык, аталган кызмат мындан бир ай мурда Ош шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн «ДАФ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны кармашкан. Аны «Достук» өткөрмө пунктунун кызматкерлери бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн өлкөгө киргизип жиберишкен.

«Натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык бажы төлөмдөрү жана жыйымдары түшпөй калган. Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом өлчөмүндөгү келтирилген зыяндын орду толтурулду», — деп белгиленет финполдун маалыматында.

Буга чейин финпол «калыптанып калган экономикалык аткезчилик» түзүмдүн бетин ачып, Түштүк-батыш бажысынын кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Бажы кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, контрабандалык товарды «Достук» өткөрмө пункту аркылуу алып өтүп турушканы белгилүү болгон.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктарындын бирдиктүү реестрине катталып, аткезчилердин кызыкчылыктарын сүрөмөлөөгө катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана мамлекетке келтирилген чыгымдын ордун толтурууга багытталган иштер жүрүүдө.

Тема боюнча:

Финпол Оштогу бажычыларга кылмыш ишин козгоду