Президенттин аппараты: Садыр Жапаровдун инаугурациясына ЖМКлар киргизилбейт

Шайлоодо жеңген Садыр Жапаровдун ант берүү аземине ЖМК катышпайт. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазды. Маалыматты «Клооптун» журналистине президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов дагы бышыктап берди.

«Эпидемиологиялык абалдын алдын-алуу максатында» иш-чараны чагылдыруу үчүн ЖМК өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрүү болгон жок.

«Бардыгы онлайн чагылдырууга ыңгайлуу болот. Инаугурацияга жергиликтүү жана чет элдик ЖМК жетекчилери конок катары чакырылган», — деп кабарлайт 24.kg президенттик аппараттын билдирүүсүн.

Жапаровдун президенттик кызматка киришүү аземи мамлекеттик каналдардын түз эфиринде көрсөтүлөт. Конок катары иш чарага коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодон 10 күн өткөндөн кийин, 20-январда Садыр Жапаровду Кыргызстандын жаңы шайланган президенти деп тааныган. Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январды Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Бекитилген жыйынтыкка ылайык Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2% добушуна ээ болгон.

2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоо 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки саясий кризистин кесепети. Анда өлкөдөгү башаламандыктардын шартында барымтага алуу беренеси боюнча соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган саясатчы Садыр Жапаров колониядан бошотулган.

Садыр Жапаров тарапташтарынын колдоосу аркылуу кыска аралыкта премьер-министр, андан соң президенттин милдетин аткаруучу болгон. Жапаров бийликке келгенден кийин бир катар кадрдык алмашууларды ишке ашырган.

Кадрдык алмашуулардан тышкары, Жапаров башкаруу формасын аныктоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү демилгелегендердин бири.