Самара бүтүп, Ильязбек калдыбы? Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты кайрадан нааразы

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын жаңы директору кылып Ильязбек Ташполот уулун дайындады. Ташполот уулуну окуу жайдын жааматы менен министрдин орун басары Ильязбек Балташев тааныштырды.

Балташевдин айтымында, Ташполот уулу үч айлык сынак мөөнөтү менен дайындалды. Буга чейин музыкалык окуу жайдын директору деп саналган Самара Каримова өз каалоосу менен 22-январда кызматынан бошотулган.

Анткен менен окуу жайдын директорунун орун басары Райкан Самидинова жаңы дайындалган директор Каримованын күйөөсү Асан Мансуров менен «тыгыз байланышта» болгонун айтып, нааразычылык билдирди.

«Биз коллектив кечээ уктук — Ташполот уулу Ильяз бизге директор болот экенин [...] Ошондо коллектив өзүнүн нааразычылыктарын билдире баштады. Ооба, Ильяз музыкалык мектепти, окуу жайды, консерваторияны бүтүрдү, бирок Ильяз Асандын үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта болгон адам», — деди Самидинова.

Ошондой эле, директордун орун басары жамаат Самара Каримованын дайындалышына каршы болуп жүргөндө Ташполот уулу ырчыны колдогонун кошумчалады.

Самидинова жамаат Маданият министрлигине окуу жайда иштеп жаткан Ринат Ботобеков, Абдурасул Сабирбаев жана Максат Кожоеванын талапкерликтерин карап чыгууну сунуштаганын айтты. Ал эми үч талапкер да бул кызматка туура келбесе, Самидинова Жаныбек Ботобековду дайындоону суранды.

«Мыйзамга туура келгени менен, азыр Самараны алып койдук, кайра эле...ким айтты…“кайра биз эркек-Самараны коюп алдыкпы” деп. Кайра эле Асан башкарып жатабы бизди?» — деп суроо узатты Самидинова.

Окуу жайдын башка кызматкерлери Ташполот уулу Самара Каримованы колдоп жүргөнүн белгилеп, анын директорлукка дайындалышына каршы болушту.

Ал эми министрдин орун басары Балташев сунушталган талапкерлер тууралуу кабары жок экенин билдирди. Анын айтымында, министр окуу жайдын жамааты Ташполот уулунун талапкерлигин сунуштаганын айткан. Бирок чогулушта болгондор бул маалыматты төгүндөштү.

Министрилктин өкүлдөрү окуу жайдын жамааты менен тартышып бүткөн соң, Балташев «буйрукту кайра-кайра чыгарта бербей, мыйзамга баш ийип» Ташполот уулу үч айлык сыноо мөөнөтү менен иштей турганын билдирди.

Самара Каримованын директор болушу

Буга чейин Маданият министри Нуржигит Кадырбеков ырчы Самара Каримованы 15-январдан тарта Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директор кызматына дайындаган. Буга Бишкектин Биринчи май райондук сотунун ырчыны бул кызматка кайтаруу чечими себеп болгону айтылган.

*Каримова бул кызматка 2018-жылдын 24-октябрында дайындалып, бир жумадан кийин бошотулган.

Анткен менен соттун бул маселени карап чыгышында жана Маданият министрлигинин бул буйрукту чыгарганында бир катар юридикалык каталар болгон. Мындан сырткары Самара Каримова директор болчуларга коюлган квалификациялык талаптарга жооп берген эмес.

Окуу жайдын кызматкерлери нааразычылык билдиргенинен улам Каримова 22-январда «өз калоосу» менен кетүүгө аргасыз болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Баскынчылык». Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты Каримованын жетекчи болушуна нааразы

Маданият министрлиги сотто Каримованын мыйзамсыз иштен алынганын моюндаганбы?

Ырчы Самара Каримова музыкалык окуу жайдын директорлук кызматынан баш тартты