Cегизбаевдин адвокаты шаардык сотко арызданды

УКМКнын эск-башчысы Абдил Сегизбаевдин адвокаты Кантемир Турдалиев 28-январда Бишкектин Биринчи май райондук соттун чечимин даттанып шаардык сотко арызданды. Биринчи май райондук соту Сегизбаевди 25-мартка чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган болчу.

Ал сот жагдайлардын бардыгын эске албай чечим чыгаргандыктан токтомду жокко чыгарууну талап кылып жатканын белгиледи. Адвокат Сегизбаевге карата сотко чейинки өндүрүш маалында ага камакка алуу менен байланышпаган баш коргоо чарасын кабыл алуу керек деп эсептейт.

Турдалиев Биринчи май райондук соттун тергөөчү судьясынын токтомунун үстүнөн дагы кармоонун мыйзамдыгы жана негиздүүлүгүн текшерүүнү талап кылып Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз тапшырды. Адвокат токтомду жокко чыгарып, УКМКнын экс-башчысынын кармалышын мыйзамсыз деп таанууну суранууда.

Сегизбаевди кармоо

22-январда Башкы прокуратура УКМКнын мурдагы башчысы мамлекеттин жайыт жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп алууга шектелип жатканын жана «Коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.

25-январда Аскер прокуратурасы Абдил Сегизбаев кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин маалымдаган. Алардын маалыматына караганда, 2021-жылдын 14-январында Алмамбет Шыкмаматов жана «башка адамдардын» кайрылуусунун негизинде башкы прокуратура тарабынан «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Алар Абдил Сегизбаев УКМКнын жетекчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашкан деп билдиришкен. Анын ичинде «Белизгейт» иши боюнча кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп маалымдашкан.

«Белизгейт»

2016-жылы күзүндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Бул чечимди «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова жана Алмамбет Шыкмаматов сынга алышкан.

Президенттин дарегине айтылган сындардан кийин УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев «ата мекенчилер» Текебаев, Салянова жана Шыкмаматовдор «Мегакомдун» акцияларына ээлик кылышат деп билдирип, борбор америкалык Белиз мамлекетинен алынган деп айтылган документтерди көрсөткөн.

Депутаттар документтер «жасалма» деп ырасташып, ал эле эмес УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди сотко дагы беришкен. Бирок соттон утулуп калышкан. Ал эми Сегизбаев жумуштан кеткенден кийин УКМКнын жетекчиси болгон Идрис Кадыркулов келгенде, коопсуздук кызматына Белизден эч кандай документтер келип түшпөгөнү билинген.