Ош: Белгисиз адамдын огунан жарадар болгон милиционерлер Бишкекке которулду

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда белгисиз киши аткан октон жаракат алган эки милиционер Бишкектеги ооруканага которулду. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы маалымадагандай, милиционерлер денесинде калган чачма окторду алдыруу үчүн борбор калаага текшерилүүгө кетишти.

«Текшерүүнүн жыйынтыгында операция керектиги айтылса алар борбор калаада калышат. Кызматкерлердин бирине 72 чачма ок тийген, 10 чактысын алууга мүмкүн болгон эмес. Ал эми экинчисине 50дөн ашык чачма ок тийген. Анын да денеси толук тазаланган эмес», — деп билдирди «Клоопко» Ош ОИИБден.

Мындан сырткары, ведомство ок аткан белгисиз киши табыла электигин, издөө иштери улантылып жатканын кошумчалады.

Буга чейин Кара-Кулжа районунда 13-январга караган түнү азиат тектүү белгисиз киши 16-калибрдеги мылтык менен жашы жете электер менен иштөө боюнча милициянын инспектору, кенже лейтенантты аткан. Милиция кызматкери ал убакта «Нива» үлгүсүндөгү унаасында отурган. Ал эми шектүү окуя болгон жерден изин суутуп кеткен.

Жарадар болгондор жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кара-Кулжа районунун аймагында «Колго түшүрүү» планы жарыяланып, айрым айылдарда посттор орнотулган.

Милициянын кызматкерлери шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча чараларды көрүүдө. Факт КЖРБге катталып, «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча иликтөө башталды.

Тема боюнча:

Ош: Белгисиз адам милиционерлерди атып, эки адам жарадар болду