Чаткал: 20 жаштагы бала аны үч киши зордуктап жүргөнүн айтып милицияга кайрылды

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун 20 жаштагы тургуну милицияга кайрылып аны үч киши «зордуктап жүргөнүн» билдирди. Ал зомбулук 2011-жылы башталганын белгилеп, эки бөлөсү тарабынан бир жарым жыл зордукталганын айткан.

Мындан сырткары башка бир киши тарабынан 2015-жылдын март айынан тартып 2021-жылдын 15-январына чейин күч колдонулуп зордукталганын кабарлаган. Ал эми Super.kg басылмасына жабырлануучу төрт жылдай аны кошунасынын баласы кордогонун айткан.

«Алгач 4-классымда болгон [...] Ошондон кийин милицияга арыз жазууну туура көрдүм дагы милицияга арыз жаздым. Канча жолу аракет кылдым, бирок коркуп айта албай жүргөм. Эми туугандарым дагы бул окуя боюнча билгендиктен аларга ишенип, бул зөөкүрлөрдүн аягына чыгайын деп чечтим», — деген ал.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан «Клоопко» жабырлануучу тийиштүү арыз менен Чаткал РИИБиге 26-январда кайрылганын маалымдашты.

Аталган факт «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Ошондой эле тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Буга чейин, 23-январда, соцтармактарда мончодо болжол менен 20 жаштагы жигит өспүрүм баланы зордуктап жатат делген видео тараган. Анда өспүрүм «койчу братан, койчу» деп суранганын угууга болот. Бул окуя коомчулукта нараазычылык жаратып, кыргызстандыктар зордуктучу табууну талап кылышкан. ИИМ бул окуяны иликтеп жатканын маалымдаган.

Эки күндөн кийин ИИМ тасма Орусиянын Алтай Республикасынын Кош-Агач айылында тартылганын билдирген. Маалыматка ылайык, окуя 2019-жылдын 1-10-август аралыгында болуп, кылмышты жашы жете элек бала башка өспүрүмгө карата Кош-Агач айылында жасаган.

Окуя боюнча Алтай Республикасына караштуу Улаган райондор аралык тергөө бөлүмү «Жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүнү кармашкан.

Ал эми кылмыш иши айыптоо корутундусу менен 2020-жылдын 31-декабрында Кош-Агач райондук сотуна жиберилген. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда соттук териштирүү жүрүүдө.