Казак тарап Садыр Жапаровдун сапарына даярдык көрүп жатат

Казакстандын президентинин «Акордо» басма сөз кызматы 1-февралда кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргызстандын жаңы дайындалган президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлады.

«Токаев инаугурация ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, Садыр Жапаровду Кыргызстандын президенти кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктады, ошондой эле боордош кыргыз элинин бакубат жана өнүгүшүнө карай жолдогу жоопкерчиликтүү миссиясында ийгилик каалады», — деп белгиледи казак тарап.

«Акордонун» маалыматына ылайык, президенттер «кыргыз-казак достугунун, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин бекемдигин бышыктоо» менен биргеликте алгылыктуу иш алып барууга даяр.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы дагы эки өлкөнүн башчылары «коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү» жана «соода-экономикалык, транспорттук-транзиттик кызматташтыкты өнүктүрүү» маселелери боюнча пикир алмашканын белгиледи.

Жапаров Токаевге жана эл башы Нурсултан Назарбаевге куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алдыдагы жолугушуулардын графиги, анын ичинде кыргыз лидеринин Казакстанга болгон сапарына даярдык көрүү маселеси каралды.

Алгачкы сапар

11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомат Токаев телефондук сүйлөшүүдө Садыр Жапаровду президенттик шайлоодогу алдын ала жеңиши менен куттуктаган.

«Касым-Жомарт Токаев [...] добуш берүүнүн жыйынтыгы ал сунуштаган мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо программасын жалпы эл колдоого алгандыгынын белгиси», – деп билдирген Токаевдин басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматтын билдиришинче, Токаев Жапаровду Казакстанга расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Жапаров чакырууну кабыл алып, анын президент катары алгачкы иш сапары коңшулаш Казактанга болорун белгилеген.

Кийинчерээк, Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаров ант бергенден кийин алгачкы иш сапарын Орусиядан баштаарын билдирген.

Байтерек Жапаровду Орусияда эч ким күтпөйт жана кабыл алууну каалабайт деген маалыматты четке каккан. «Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун алгачкы чет өлкөлүк иш сапары Орусияга болору чын. Бул багытта иштер жүрүүдө. Орусия тарап менен биргеликте алдыдагы иш сапардын күнү жана жүрүшү каралып жатат. "Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес" деген маалымат чындыкка дал келбейт», — деп билдирген Байтерек.

Ошол эле учурда Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы да, Галина Байтерек да Акордонун Жапаровдун Казакстанга болгон сапары тууралуу билдирүүсүн төгүндөгөн эмес.