«Жеке самолётум барбы?». Ыдырыс Исаков УКМКга сурак бериш үчүн Бишкекке барышы керек

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылды. Бул тууралуу «Клоопко» Исаков өзү тастыктап, чакыруу кагазын 1-февралда алганын билдирди. Ал суракка күбө катары чакырылган.

«УКМКнын Бишкектеги имаратына 2-февралда баруу керек экен. Учурда эч жерде иштебегеним үчүн жол кире жагы кандай болоорун сурасам алгылыктуу жооп ала алган жокмун. Андыктан азыр каражат издеп жатам. Кудай жол берсе көрсөтүлгөн убакка барып калууга аракет жасайм», — деди Исаков.

Мындан сырткары, журналист өзүнүн фейсбук баракчасында «УКМК мага жол кире төлөп береби же эртең таңкыга билет алып койду беле? Же менин жеке менчик самолётум барбы? УКМК бир кызматкерине командировочный төлөп берип, Ыдырысты сурак кылып кел деп жиберсе болбойбу?», — деп суроо салган.

Исаков атайын кызматтын сурагына «мыйзамсыз баюуга» шектелип жаткан финполчу Айбек Токоевдин иши боюнча күбө катары чакырылып жатат. Ал буга чейин да УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына чакырылган. Бирок Исаковдун белгиленген убакыттан кеч келгендигине байланыштуу сурак жылдырылган болчу.

Журналист Токоевдин байлыгы тууралуу иликтөөсүн 9-январда жарыялаган. Аталган иликтөөдөн кийин Токоев «мыйзамсыз баюуга» шектелип, УКМК тарабынан кармалган.

Ошондой эле, Токоев УКМКнын тергөө изоляторуна камакка алынып, Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 18-мартка чейин камакта калтырылган.

Айбек Токоев каржы полициясына жумушка киргенден кийин анын жубайы жана туугандары байма-бай кыймылсыз мүлктөрдү сатып алып турушкан. Кызматка келгенге чейин аларда дээрлик мүлктөр болбогондугу аныкталган.

Токоев иштеп жаткан органдын акыркы алты жылдагы расмий маянасы 25 миң сомдун тегерегинде, ал эми анын жубайы эч жерде иштебейт. Ошондой эле, анын жубайы сатып алган мүлктөр менен Токоевдин тапкан маянасы бири-бирине дал келбейт.

Иликтөөчүлөр финполчу менен телефон аркылуу байланышкан. Исаковдун Токоевге анын жакындарына катталган мүлктөр тууралуу салган суроосуна «аларга тиешем жок» деп жооп берген.

Тема боюнча:

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков УКМКга башка күнү сурак берет

Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков күбө катары УКМКга чакырылды