«Чё та башкача кетип баратат». Жапыкеев депутаттын уулдары үй камагына чыкканына нааразы

Коллаж: "Азаттык" радиосу

Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталган депутат Кубанычбек Жумалиевдин уулдарын Бишкектин Биринчи май райондук соту бошотконун айтып нааразы болду.

«Жумалиев “100 млн сом жана инвестордун 800 миң долларын бир күндө өкмөткө коём, балдарымды чыгарып бер” дегенинен биз аз андан көбүрөөк болсун деп болбой койсок, Биринчи май райондук соту аны чыгарып салды. Бюджетке бир тыйын төлөгөн жок. Балдары камактан чыгып кетти», — деп жазды фейсбук баракчасында Жапыкеев.

Ошондой эле ал «чё та башкача кетип баратат» деп белгилеп, «достор, кандай кылалы?» деп суроо салды.

Биринчи май райондук сотунан «Клоопко» шектүүлөр Элнур Жумалиев жана Султан Мырзабеков 31-январда 29-мартка чейин үй камагына чыгарылганын тастыкташты.

Ири өлчөмдөгү алдамчылык

Каржы полициясынын басма сөз кызматы депутат Кубанычбек Жумалиевге жана анын туугандарына карата ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган.

Буга «М.Г.БВ» чет өлкөлүк компаниясынын жетекчиси деп саналган «Б.Ф.» аттуу немец инвесторунун арызы себеп болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жумалиев жана башка адамдар инвестордун ишенимине кирип, 1 млн доллар турган минералдык суу куюучу жабдыкка ээ болушкан. Бирок жалпы сумманын 200 миң долларын гана төлөшкөн.

«Германиянын жараны “Б.Ф.” тарабынан “А.Ю.К.” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1 млн доллар өлчөмүндөгү каражатка минералдык суу куюучу жабдуу берилген. “А.Ю.К.” ЖЧКсынын директору М.С.М болуп саналат – К. Жумалиевдин жакын тууганы.

Андан соң К. Жумалиевдин ооз эки талабынын негизинде инвестор Жумалиевдин дагы бир жакын адамы – Ж.Э.С. директорлук кылган “С.К.” ЖЧКсынын кеңсесине жабдуу жеткирип берген. Аты аталган адамдардын укукка каршы аракеттеринен улам Германиянын жараны “Б.Ф.” жетектеген “М.Г.БВ” чет элдик компаниясына ири өлчөмдөгү – 800 миң доллар – зыян келтирилген», – деп белгилешти финполдон.

Эки ЖЧКнын башчысы тең Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу. Муну менен кошо Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык болгон ЖОЖдун аймагында жайгашкан фирмалардын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлө баштады.

Анткени, тергөөдө «кечеңдете турган болсок, иштин кызыкчылыгына зарыл делген документтер менен буюмдар жоголуп, бузулуп же жок кылынып кетиши мүмкүн деген тынчыздануу болгон».

Super.kg басылмасы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып шектүүлөр депутат Кубанычбек Жумалиевдин уулдары Элнур Жумалиев жана Султан Мырзабеков экенин билдирген.

Тема боюнча:

Финпол: Депутат Жумалиев жана анын туугандары ири алдамчылыкка шектелүүдө

Депутат Жумалиев өзүнө 34, туугандарына 61 компания катталганын айтты

Финпол: Депутат Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салынды