Ош: Жасалма 310 миң рублга соода кылып, качып жүргөн тургун кармалды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жасалма 310 миң рублга бал сатып алып качып кеткен тургун кармалды. Ал эки жылдан бери издөөдө жүргөн. Ош ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 35 жаштагы шектүүнү кармаган учурда унаасынан ок атуучу курал табылган.

Маалыматка ылайык, милицияга белгисиз жаран автоунаасына ок атуучу курал салып жүргөнү боюнча маалымат түшүп, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу аты-жөнүн өзгөртүп, издөөдө жүргөн тургун экени аныкталган.

«Кармалган шектүү эки жыл мурун шеригине 5000 рубль купюрадан турган жасалма 310 миӊ рубль берип бал челекчи ишкерге жөнөтөт. Максат деп тааныштырган тургун алдоо жолу менен ишкердин ишеничине кирип, 1 740 кг бал сатып алып кеткен. Балга берилген рубль жасалма экенин 56 жаштагы жабырлануучу бир нече күндөн кийин билген», — деп жазылат Ош ОИИБинин билдирүүсүндө.

Балды сатып алган шектүү 2020-жылдын 18-июнунда кармалып, ал жасалма акчаны пайдаланганын жана ишкерди алдаганын моюндаган.

Учурда аталган факт «Жасалма акча, же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же өткөрүү» жана «Алдамчылык» беренелери менен тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүү Кара-Кулжа РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан сырткары, Ош ОИИБи шектүү менен бирге дагы төрт тургун кармалганын маалымдады. Алгачкы тергөө амалдарынын алкагында шектүүнүн унаасы уурдалгандыгы белгилүү болгон. Ошондой эле, аны менен бирге жүргөн тургундар буга чейин эки автоунаа уурдаганы аныкталган.

«Алар тарабынан уурдалган эки авоунаа табылып, учурда тергөө иштери улантылууда. Бир автоунааны Бишкек шаарынын Тунгуч кичи районунда жашырып койгон. Экинчисин Ош шаарына минип келишкен. Автоунаа уурулук боюнча арыз Бишкек шаарында катталгандыктан Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Биринчи май РИИБине өткөрүлүп берилди», — деп кошумчалашты милициядан.

Буга чейин мындан бир ай мурун Ош шаарында сувенир катары чыгарылган акча менен дарыканалардан соода кылып жүргөн тургун кармалган. Милицияга Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, анын дарыканасынан белгисиз киши 2000 сомдук жасалма акчага соода кылып кеткенин билдирген. Мындан сырткары ушундай эле арыз менен Ош шаарынын дагы тогуз тургуну кайрылган.

Натыйжада кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 16 жаштагы тургуну кармалган. Алгачкы сурак учурунда шектүү Ош шаарына досу менен косметика сатуу үчүн келгенин жана жанындагы сувенир катары алып жүргөн 2000 сомго дары алганын ырастаган.