Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Меккеге кичи ажылыкка кетти

Сүрөт Жээнбеков 2019-жылы кичи ажылык сапарга барганда тартылган

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков жубайы менен 2-февралда Сауд Арабиянын Мекке шаарына кичи ажылык сапарга кетти. Бул тууралуу Kaktus басылмасына экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков сапарга Сауд Арабиянын башчысынын чакыруусу менен баратат — ал Меккеге 2020-жылдын ноябрында бармак, бирок пандемиядан улам сапар жылдырылган.

«Чакыруу 2021-жылдын февраль айына келди. Кичи ажылык сапар 10 күндөн ашык убакытка созулат. Андан соң Жээнбеков Бишкеке кайтып келет», — деди Стамалиева.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Жээнбеков үй-бүлөсү менен Түркияга чыгып кеткени тууралуу жазган. Стамалиева «Жээнбеков Түркия аркылуу Сауд Арабиясына барат» деди. Жээнбеков буга чейин да 2019-жылдын кышында кичи ажылыкка барып келген болчу.

Жээнбековду жоопко тартуу талабы

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында октябрь окуяларында жабыркагандар Жээнбековдун үстүнөн арыз жазышкан. Алар экс-президентти «күч түзүмдөрүнө митингчилерди күч менен кууп таркатууга буйрук бергени» үчүн жоопко тартууну талап кылышкан.

Ошондой эле, алар бул кадамы үчүн Жээнбековду «экс-президент» макамынан ажыратууну да сунушташып, митингде каза тапкан 19 жашар Үмүтбек Алтынбек уулунун өлүмү үчүн дагы жоопкерчиликке тартылышы керек деп эсептешкен.

Ал эми бүгүн, 2-февралда, анын үстүнөн түшкөн арызды ИИМ жана УКМК карай турганы белгилүү болду.

Жээнбеков жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодон кийинки башаламандыктардан соң 15-октябрда отставкага кеткен. Ал муну «кан төгүлүп кетпеши үчүн» жана «элдин тычтыгы маанилүү экендиги» менен түшүндүргөн — себеби учурдагы президент Садыр Жапаров жана анын тарапташтары муну талап кылышкан болчу.

Кийинчерээк Жээнбековго «экс-президент» макамы ыйгарылган.