ЖМК: Өкмөттүн жаңы курамынын болжолдуу тизмеси

Гүлмира Абдралиева / Артем Новиков / Улукбек Марипов / Кубанычбек Турдубаев / Кайрат Иманалиев

Премьер-министрликке «Республика — Ата-Журт» фракциясы тарабынан көрсөтүлүп, парламенттеги көпчүлүк коалиция колдоого алган талапкер Улукбек Марипов өкмөт мүчөлөрү 22ден 16га чейин кыскартыла турганын билдирген.

Ал бири-бирин кайталаган мекемелер көп экенин айтты. Мисал катары каржы жагын Экономика жана Каржы министрликтери, андан тышкары министрликтердей эле статуска ээ ведомстволор көзөмөлдөй турганын белгиледи.

Марипов өкмөттүн жаңы курамында 13 министрлик болорун көпчүлүк коалициянын жыйынында айткан. Ал ортодо президент Садыр Жапаров Коргоо министрлигин кайтаруу боюнча жарлыкка кол койду.

Алдын ала айтылган өкмөттүн жаңы курамына учурдагы вице-премьер Элвира Сурабалдиева, вице-премьер Максат Мамытканов, Айыл чарба жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев, Юстиция министри Марат Жаманкулов, Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана Экономика министри Санжар Муканбетов жана Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кирген эмес.

Улукбек Марипов баштаган өкмөттүн болжолдуу курамы төмөнкүдөй:

Премьер-министр — Улукбек Марипов;

Биринчи вице-премьер — Артем Новиков;

Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;

Айыл чарба жана мелиорация министри — Аскар Жаныбеков;

Энергетика министри — Кубанычбек Турдубаев;

Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;

Юстиция министри — Асель Чынбаева;

Маданият, маалымат жана туризм министри — Кайрат Иманалиев;

Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;

Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;

Саламаттык сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

Транспорт, архитектура жана коммуникация министри — Гүлмира Абдралиева;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы — Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле, президенттин алдында жаңы түзүлө турчу инвестицияларды тартуу жана коргоо агенттигин экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов жетектеши мүмкүн.

Өкмөттүн жаңы курамы менен түзүмү Жогорку Кеңештин 3-февралда өтө турчу жалпы жыйынында каралат.