Атамбаевдин адвокаты Жээнбековду экс макамынан ажыратуу ишин баштоону талап кылды

Юрист Замир Жоошев фейсбуктагы барагында ИИМге Сооронбай Жээнбековду эск-президент макамынан ажыратуу тууралуу арыз бергенин билдирди.

Аны менен бирге Жоошев экс-президентти суракка чакырууну дагы суранды. Адвокаттын айтымында, буга чейин саясатчылар Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаев ЖМКларга 2020-жылдын 9-октябрындагы массалык башаламандыктарга Жээнбековдун тиешеси бар экенин айтышкан.

«Кылмыш ишинин алкагында күбөлөрдү дагы, Сооронбай Жээнбековдун өзүн дагы суракка алуу керек. Андыктан мен кечээ ИИМге тергөө амалдарын жүргүзүү жана Башкы прокуратура аркылуу Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну демилгелөө тууралуу өтүнүч келтирдим. Бул “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиги жана экс-президент макамы” жөнүндөгү мыйзамдын 12-беренесине ылайык келет», — деп жазган Жоошев.

Жоошев Жээнбеков Сауд Арабиясынан кайтып келгенге чейин прокуратура менен ИИМ аны экс-президент макамынан ажыратуу үчүн «жок дегенде жарым ишти» жасашат деп үмүт кыларын кошумчалады.

Мурдараак, Жоошев 5-6-октябрдагы митингдерде жабыркагандар Жээнбековду жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызын Башкы прокуратурага жөнөтүшкөнүн кабарлаган болчу.

Алар экс-президент Сооронбай Жээнбековду «укук коргоо орган кызматкерлерине митингчилерди күч менен кууп таркатууга буйрук берген» деп эсептеп жоопко тартууну талап кылышкан. Мындан тышкары, алар бул аракеттери үчүн Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керек деген пикирде.

Жоошев Атамбаевдин адвокаты

Замир Жоошев — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты. Алмазбек Атамбаев 2011-жылдан тарта алты жыл президент болуп турган. Ал Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча камакка алынган.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Батукаев 2013-жылы лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон. ИИМ Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөгө келбей койгон.

Натыйжада укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин багынып берген. Биринчи май райондук соту жана Бишкек шаардык соту Атамбаевди Батукаевдин иши боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2020-жылдын 30-ноябрында Жогорку сот Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча ишти кайра кароого жөнөткөн.

Жээнбековдун отставкасы

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин башталган саясий кризистин шартында 2020-жылдын 15-октябрында отставкага кеткен.

Ошондо шайлоодогу көптөгөн бурмалоолордон улам шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Бишкектин башкы аянтына чыгышкан. Андан соң 6-октябрга караган түнү укук коргоо орган кызматкерлери менен жарандардын ортосунда кагылыш болгон.

Бул башаламандыктардын шартында экс-депутат Садыр Жапаров тарапкерлеринин колдоосу менен абактан бошотулуп, андан соң өлкөнүн премьер-министринин жана президенттин м.а. болуп дайындалган.

Жапаров өлкөнүн башкы кызматтарын аркалоо менен кадр саясатын жүргүзүп, маанилүү кызматтарга үзөңгүлөштөрүн, анын ичинде УКМКнын учурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен биргеликте түптөгөн «Мекенчил» партиясындагы кесиптештерин дайындаган.

Мындан тышкары, Жапаров өлкөнүн башкаруу формасын жана Конституциясын өзгөртүү боюнча референдумду дагы демилгелеген.

Кыргызстандын башкаруу формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өтүп, парезиденттик башкаруу формасы жеңишке жеткен. Ушул эле күнү өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда Жапаров алдыга чыккан.