Саакашвили: Бийлик коррупциялык кландарды ооздуктап эл тарабында экенин көрсөтүшү керек

Грузиянын мурдагы президенти жана Украинанын реформалар боюнча улуттук кеңешинин аткаруу комитетинин жетекчиси Михаил Саакашвили «Азаттыкка» маек куруп, Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу пикирин билдирди.

Саакашвили интервьюнун башында Кыргызстанга барганын эстеп, кыргызстандыктарды «ачык, демилгелүү, ишкерликке шыктуу жана билимге умтулган» деп сыпаттады. Ошондой эле Кыргызстан Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдөн эркиндиктин деми менен айырмаланарын белгиледи.

*2003-жылдын ноябрь айында Грузияда парламенттик шайлоого нааразы болгон жарандар революция уюштурушуп, президент Эдуард Шеварнадзе отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми 2004-жылдын январь айында Саакашвили президенттик кызматка шайланган.

«Азаттыктын» алып баруучусу Айнура Жекше кызы Саакашвилиге эмне себептен Грузияда революциядан кийин экономикалык секирик болуп, ал эми Кыргызстанда мындай көрүнүш болгон эмес деп суроо узатты.

«2011-жылы Кыргызстан калктын демин, башка сырткы көрүнүштөрдү салыштырганда мага реформага чейинки Грузияны эске салган. Кыргызстандагы саясий топторду элита деп атагым келбейт — чечим кабыл алган адамдарга реформаларды ишке ашырууга каалоо, фантазия жеткен жок. “Постсоветтик” [системадан] арылуу деген болгон эмес [...] Бирдиктүү эрк жетишкен эмес: эл өзгөрүүлөргө даяр болчу, а жетекчилер болсо кабинеттерге отураары менен эми узакка келдик деп ойлогон өңдөнөт. Бул чоң каталарга жетелейт», — деди Саакашвили.

«Кыргызстан Украинага окшош»

Саакашвили Кыргызстан Украинага окшош деген пикирде. Украинада президенттик шайлоодон кийин 2004-жылы революция, кийинчерээк 2013-жылы «Евромайдан» болгон.

«Украинада эмне болуп жатат? Бир нече жыл өткөн сайын эл көчөгө чыгып, бийликти кулатат. Бийликти көчөгө чыгуу менен алмаштырат: “Эми баштагыла, болду, биз даярбыз, мурда эле кылыш керек эле” дейт. Бирок алар кабинетке кирген сайын эски каталарды кайталай беришет», — дейт Саакашвили.

«Садыр Жапаров кызыктуу инсан»

«Мен жаңы бийликке, азыркы президентке ийгилик каалаймын! Себеби ал абдан кызыктуу инсан, албетте эр-жүрөк инсан. Өз эркиндигин, өмүрүн тобокелге салып, мекенине кайтып келди. Адилетсиз камалып, кыйынчылыктарды башынан кечирди. Өз принциптери, эли, өлкөсү үчүн күрөш эмне экенин жакшы түшүнөт», — деген пикирин билдирди Саакашвили президент Садыр Жапаров тууралуу.

Ошондой эле Саакашвили азыр Кыргызстанга «улуттук жарашуу зарыл» болгонун белгилеп, бардык саясий күчтөр менен сүйлөшүү үчүн жадагалса кеңири мунапыс берүү керек деген ойду айтты.

«Экинчиден мүмкүнчүлүтөр терезеси тез эле жабылып калаарын эстен чыгарбаш керек. Жаңы бийлик эски советтик бюрократиялык структурадан, аткаминерлердин жем жеген акырына айланган системадан, мамлекеттик аппараттын феодалдык түзүлүшүнөн арылууга тийиш. Бул үчүн аларда алты айдан бир жылга чейин гана убакыт бар», — деди Саакашвили.

Ошондой эле саясатчы бийлик коррупциялык кландарды ооздуктап эл тарабында экенин көрсөтүшү керек деп эсептейт.

Саакашвили Грузиядагы шайлоолордо дагы жарандар добуштарын 15-25 долларга сатып жүргөнүн билдирди. Ошол эле экс-президенттин айтымында, добушун саткан шайлоочулар «бийликчил» талапкерлерди колдойт деген түшүнүк — жаңылыштык.

«Добушун саткан кишилер… алар бийликти колдоп жатканын билдирбейт. Алар өзүнүн кайдыгерлигин көрсөтүшөт. Эртеси күнү алар бийликке каршы чыгышат, бул көрүнүш Бишкекте болгон. Көчөгө чыккан кишилердин арасында добушун саткандар да болгон. Алар мурдагы бийликке “көрүшкөнчө” деп айтышты. Бул азыркы бийликке жакшы сабак болду», — деп билдирди ал.

«Кыргызстан бай өлкө боло алат»

Михаил Саакашвили Кыргызстан начар региондо жайгашкан деген түшүнүккө кошулбайт. Анын айтымында, Кыргызстан башка бай өлкөлөргө жеңил экономикалык шарттарды түзүп берип, алардын акчаларын тартышы керек.

«Кыргызстан начар региондо турат — бул факт, бирок регион Грузияга караганда начар эмес. Себеби анын жанында бай, чоң, күчтүү өлкөлөр бар, айрыкча Кытай. Бул силердин өлкөңөрдү “хабка” — либералдык мыйзамдары жана ачык экономикасы болгон логистикалык, каржы борборго айлантууга мүмкүнчүлүк берет», — деп түшүндүрдү Саакашвили.

Грузиянын мурдагы президенти Бириккен Араб Эмирлигиндеги Дубай шаарын мисал келтирди. Анын айтымында, азыр Дубайда мунай калган жок, бирок аларда либералдык экономикалык режим болгондуктан коңшу өлкөлөр бул жерге акча сарптоого кызыктар.

«Кыргызстанда болсо нефть жана газ жок экени чын. Бирок ресурстары бар кошуналар Кыргызстан качан алардын эсебинен байып кетет деп эле күтүп турушат. Силердин мисалыңарда бул концепция жакшы иштеп кетет», — деди Саакашвили.

Бажыдагы реформа

«Азаттыктын» алып баруучусу Михаил Саакашвили бийликке келгенден тарта дээрлик 1 600 бажы кызматкери камалганын эске салып, бажыдагы коррупцияны ооздуктоонун ушул эле жолу барбы деп суроо узатты.

«Грузияда биринчи биз жогорку бажы тарифтерин алып салып, салыктарды төмөндөттүк. Натыйжада бюджетке түшкөн салык эселеп өсүп, жалпысынан менин президенттигимде Грузиянын бюджети 12 эсе, ал эми экономика төрт эсеге өскөн. Себеби биз бюджетке акча түшүүсүнө шарт түзгөнбүз. Бажыны алсак адегенде паракор бажычыларды кетирип, башчыларды алмаштырганбыз. Бирок бул бажыга жардам берген жок. Ошондуктан концепцияны өзгөрттүк. Бажыда жүк текшерилбей калды. Бажычылар жүк ташуучуларды жөн гана күлүп тосуп алып коё беришчү. Компьютер кайсы машинени текшерүү керектигин өзү чеччү», — деп түшүндүрдү Саакашвили.

Саакашвилинин айтымында, жүктөрдүн 5-7%ы гана бажычылар тарабынан текшерилет.

Криминал жана бийлик

Саакашвили Грузиядагы уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү тажрыйбасы тууралуу да айтып берди. Ал Грузия Кыргызстанга караганда криминалдашкан экенин белгиледи. Транзит өлкө болгондуктан көп нерселер Грузия аркылуу өтүп келген деп кошумчалады.

«Биз катарга ыңкылапты ишке ашырган топту тартканбыз. Алар эч качан күч түзүмдөрүндө иштеген эмес. Алыскы тоолуу айылдарга чейин тик учак менен барып, кландарга жана бандиттерге каршы операцияларды жүргүзүшкөн. Ооба, каталар да кетет экен. Ооба, адам трагедиялары болгон, бирок мындай кырдаалда башка жол болгон эмес. Эң негизгиси азгырылып кетпей, качан токтотууну билүү абзел. Биз Грузияда элдин менталитетин өзгөртүп, криминал мода болбой калды. Грузиянын азыркы бийлиги кайрадан криминал менен жуурулуп кетүүгө аракеттенип жатат, бирок коомчулук тынч жашоо бар экенин билет, ошондуктан ага жол бербейт», — деп жыйынтыктады сөзүн Саакашвили.

Кыргызстанда 2020-жылдын октябрь айынан тарта бир катар криминалдык төбөлдөр укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Алардын арасында «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев, «Карышкыр» каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаков жана Алтынбек Ибраимов бар. Ибраимов кийинчерээк ал үй камагына чыгарылган.

Мындан сырткары «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновго издөө жарыяланып, ага тиешелүү бир катар УКТнын мүчөлөрү кармалган.