ЖМК: Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн Германияга учуп кетти

Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Германияга учуп кетти. Бул тууралуу «24.kg» басылмасы өз булактарында таянып жазды.

Буга чейин Ташиев фейсбук баракчасында башкы кардиохирург Калдарбек Абдраманов ага чет өлкөдө дарыланып келүүсүн сунуштаганын жазган. Мындан улам Ташиевдин ден соолугуна байланыштуу 6-февралда өргүүгө чыккан.

Ташиевдин жакындарынын айтымында, ага тромбэктомия, башкача айтканда тромбду алып салуу операциясы жасалат.

Өткөн жылдын 26-ноябрында Ташиев жүрөк оорусу менен ооруканага түшкөн — бирок УКМКнын басма сөз кызматы «тынчсызданууга негиз жок» экенин билдирген.

Ал эми 2020-жылдын июль айынын башында Ташиев эки тараптуу пневмонияга чалдыгып, үйүндө дарыланган. Кийин абалы оорлошкондуктан ооруканага жаткырылган. Анткен менен кайра 9-июлда ооруканадан чыгарылып, дарылануусун үйдөн уланткан.