Оштун милициясы 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки баланы кармады

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы өткөн жылдын декабрь айында 15 жашар кызды зордуктоого шектелген эки кишини кармады. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Ош облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз эки тургун анын жашы жете элек кызын Ош шаарынын батирлеринин биринде зордуктап койгонун айткан.

Оштун милициясы «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, 6-февраль күнү бул кылмышка шектүү катары Ош шаарынын эки тургунун кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Шектүүлөр 19 жашта.

«Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө маалым болгондой, жабырлануучу кыз шектүүлөр менен “Инстаграм” аркылуу таанышкан. Сүйлөшүп жүрүп, алардын чакыруусу менен Ош шаарына келген», — деп берилет Ош ШИИБдин билдирүүсүндө.

Буга чейин 2020-жылы декабрдын башында Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук соту 13 жашар кызды жарым жыл бою зордуктап жүргөн үч кишинин экөөсүн актаган. Ал эми зордуктоого шектелгендердин бири 45 жаштагы жаран 7,5 жылга эркинен ажыратылган.

Соттун бул чечими коомчулукта резонанс жаратып, эл аралык уюмдар жана жарандык активисттер нааразычылык билдиришкен. Ал эми райондук прокуратура бул өкүмдү даттана турганын билдирген.

Кыргызстанда жашы жете элек балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук жылда катталат. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын алгачкы 4 айында эле Кыргызстанда 24 жашы жете элек балага карата сексуалдык зомбулук жасалган.