«186 миӊ сом жана 800 АКШ доллар». Ошто интернет аркылуу акча уурдаган эки жигит кармалды

Сүрөт: Ош ШИИБи

Ошто тургундардын банктык эсебинен компьютер аркылуу акча уурдап жүргөн жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Колго түшкөн 21 жана 23 жаштагы шектүүлөр жалпы сегиз адамдын банк карталарынан 186 миӊ сом жана 800 доллар уурдаган.

5-февралда милицияга Ош шаарындагы банктардын биринин кызматкери кайрылган. Ал кардарлардын банк картасынан акчалар белгисиз себептер менен жоголуп жатканын айткан. Милиция ыкчам-тергөө иш-чаранын алкагында банктык карта менен акча алып жаткан адамды аныктаган. Алгачкы тергөө учурунда ал кармалган шектүүлөргө социалдык тармактан жумуш издеп жатып кабылганын айткан.

«Ал “иш берилет” деген телефон номерине чалып байланышканда, иш берүүчүлөр “банктык картаң болсо болду, ошого акча которобуз, алып берип турасың” деп айтышкан. Шектүүлөр үйүндө отуруп эле компьютердик технологияны колдонуп, бирөөлөрдүн банктык эсептеринен акчаларды ага которуп турган. Ал уурдалган акча экенин билген эмес. Анын акысына 1000 сомдон акча берип турушкан», — деп билдирди Ош ШИИБи.

Аталган факт «Алдамчылык» беренеси менен катталып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ошондой эле, ведомство шектүүлөрдөн жабыркаган тургундар болсо милицияга билдирүүнү суранат.

Буга чейин өткөн жылдын 6-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу районунда 5,5 млн сомдон ашуун акча карактоого шектелип 36 жана 29 жаштагы кишилер кармалган. Алар 41 жаштагы тургундун 5 млн 186 миӊ сомун, 2500 АКШ долларын, 130 миӊ рубль акчасын тоноп кетишкен. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдү дээрлик 20 күндөн кийин кармашкан.