Жалал-Абадда 30 жаштагы аял үч баласы менен изделүүдө

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жыгач-Коргон айылында жашаган Канзаада Аттокур кызы изделип жатат. Ал үйүнөн 15-январда үч баласы менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Аттокур кызы 30 жашта, ал эми анын улуу кызы 14 жашта, уулу 6 жашта жана кичү кызы 3 жашта.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, жоголгон аялдын жана анын балдарынын жүргөн жери аныктала элек.

Буга чейин өткөн жылдын 25-ноябрында Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну Бахтигүл Базарматова да үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Кийинчерек 6-декабрда анын сөөгү Сузак районундагы Чангет-Сай дарыясынын жээгиндеги таштандыдан табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип эки киши кармалган.

Кармалгандар Базарматованы Жалал-Абад шаарынын четиндеги ээн талаага алып барып, акча сурашкан. Ал акчасы жок экенин айткандан кийин сүлгү менен муунтуп өлтүрүшкөн. Андан соң шектүүлөр Базарматованын сумкасындагы 32 миң сомун жана тагынып жүргөн алтын буюмдарын алып, телефонун ыргытып салышкан.