Ош ОИИБи: 29 жаштагы аял жолдошу менен чырдаша кетип өзүнө-өзү бычак сайып алды

Ош облусундагы Өзгөн районунун 29 жаштагы тургуну жолдошу менен болгон жаңжалда өзүнө-өзү бычак сайып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Окуя Кара-Дыйкан айылында 2-февралда орун алган.

«Келин күйөөсү менен уруша кетип, ашкана бычагы менен өзүн-өзү ичине сайып жиберген. Далил буюм катары алынган бычакка соттук-криминалистикалык экспертиза дайындалды», — деп билдиришти «Клоопко» Ош ОИИБиден.

Милициядан аялдын күйөөсүнүн аракетине юридикалык баа берүү жагы каралып жатканын белгилешти.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Өзүн өзү өлтүрүүгө түрткү берүү» беренеси менен катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Буга чейин 7-февралда Алай районунун Гүлчө айылында 25 жаштагы аял өз үйүндө асынып алгандыгы кабарланган. Бул факт «Өз жанын кыюу» беренеси менен катталган. Анткен менен маркумдун апасы милицияга «кызым өзүн-өзү асып албайт эле, териштирип бергиле» деп арыз жазган.

Ал эми маркумдун жолдошу окуя болгон күнү үйүндө болгон эмес. Ал Чоң-Алайга иш сапары менен кеткен. Алдын ала маалымат боюнча маркум окуяга чейин кесиптештерине балалуу боло албай жүргөнүн айтып кейиген. Милициядан баардык жагдайлар тириштириле тургандыгын маалымадашкан.