Жалал-Абад: Экинчи жолку текшерүүдө майып кыздын «кыздыгы жок болуп чыкты». Ал таятасынын үстүнөн арыз жазды

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылында таятасы тарабынан зордукталды делген майып кыздын экинчи жолку соттук-медициналык экспертизада «кыздык белгиси жок экени» аныкталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров маалымдады.

«Биздин өтүнүчүбүз менен кызга кайрадан медициналык экспертиза жүргүзүштү. Кыз таятасынын үстүнөн Казарман РИИБине арыз жазды. Учурда биз кызды Бишкек шаарына дарыланууга алып баратабыз», — деп билдирген Абдыкапаров.

Ошондой эле, 25 жаштагы майып кыз видеокайрылууда таятасы тарабынан зордукталганын ырастады. «Мени таятам зордуктаганы чын. Акыркы жолу сарайда зордуктаган болчу, бирок качан экенин унутуп калдым», — деген ал.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы «Клоопко» кыз таятасынын үстүнүнөн 9-февралда арыз жазганын тастыктады. Учурда «Зордуктоо» беренеси менен тергөө жана текшерүү иштери жүрүп жатат.

Буга чейин милицияга Алтынбек Артыкбек уулу [майып кыздын бир тууган агасы — ред.] таене жана таятасынын үстүнөн даттанган. Ал видео кайрылуу жасап, таенеси карындашын ур-токмокко алып жүргөнүн, ал эми таятасы аны зордуктаганын айтып, чара көрүүнү суранган.

Майып небересин сабоого айыпталган таене кылганын моюндаган. Бирок ИИМдин басма сөз кызматы «таятасы кызды зордуктаган эмес» деп билдирген.

Ал эми Артыкбек уулунун жактоочусу Шердор Абдыкапаров майып кыздын зордукталып-зордукталбаганын аныктоо үчүн көз карандысыз экспертизага кайрылышарын билдирген.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: Таятасы зордуктап, таенеси кордоду делген майып кыздын окуясы териштирилүүдө

Жалал-Абадда майып кызды таенеси сабаганын моюндады, бирок таятасы зордуктаган эмес — ИИМ