Акыркы суткада коронавирустун жаңы 34 учуру катталды, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 14-февралда коронавирустун жаңы 34 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 19;

Чүй облусу — 2;

Ысык-Көл облусунда — 5;

Нарын облусу — 6;

Ош облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 85 475ке жетти.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 905.

Ошондой эле, акыркы суткада 69 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 21, Чүй облусунда — 19, Жалал-Абад облусунда — 2, Ош облусунда — 6, Ош шаарында — 3, Ысык-Көл облусунда — 10, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 5 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 82 098 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 424 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 27 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 421 киши дарыланып жатат.

Мындан сырткары, өлкө боюнча Ыссык-Көл облусунда эмгектенген бир медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 196га жетти, анын ичинен 4 118 медкызматкер илдеттен айыкты.