Ош: Өзүнө бычак сайганы айтылган аял күйөөсүнүн үстүнөн арыз жазды

Иллюстративдик сүрөт

Ош облусундагы Өзгөн районунда өзүнө-өзү бычак сайды делген 29 жаштагы аял жолдошунун үстүнөн милицияга арыз жазды. Бул тууралуу «Клоопко» жабырлануучунун бир тууган агасы билдирди. Анын айтымында, карындашы жолдошунан корккондуктан милицияга убагында даттанган эмес.

«Ооруканада жатканда күйөө балам келип коркутуп кетиптир. Буга чейин да коркутуп, уруп жүргөн экен, бирок карындашым айтчу эмес. Азыр ооруканадан чыгарып өзүмдүн үйүмө алып кетип жатам. Абалы жакшы. Күйөө бала мыйзам чегинде жооп берсин, тергөө жүрүп жатат азыр», — деди агасы.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан 29 жаштагы аял жолдошунун үстүнөн 12-февралда арыз жазганын тастыктады. Бирок, арызда жолдошунун кол көтөрүп жүргөнү тууралуу сөз болгон эмес дешти.

«Алгач эч кимге доом жок деп арыз жазгандан баш тарткан болчу, кийин туугандары келгенден кийин жазды. Арызда “урду” дебей, болгону “жашай албайм” деп жазып жатат. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, анын жыйынтыгы менен бычакты да ким сайганы аныкталат», — деп билдиришти облустук милициядан.

Аталган факт «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен катталган. Мындан сырткары, милициядан жабырлануучунун жолдошу буга чейин үч жолу соттолгонун жана учурда пробациялык көзөмөлдө болгонун кошумчалашты.

Буга чейин 2-февралда Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында 29 жаштагы аял жолдошу менен болгон жаңжалда өзүнө-өзү бычак сайып, ооруканага түшкөндүгү маалымдалган. Бул факт «Өзүн өзү өлтүрүүгө түрткү берүү» беренеси менен катталып, кийин берене өзгөртүлгөн.

Мындан сырткары, милициядан далил буюм катары алынган бычакка соттук-криминалистикалык экспертиза дайындалганын жана аялдын күйөөсүнүн аракетине юридикалык баа берүү жагы каралып жатканын белгилешкен.

Тема боюнча:

Ош ОИИБи: 29 жаштагы аял жолдошу менен чырдаша кетип өзүнө-өзү бычак сайып алды