Жалал-Абад: Депутаттын бир тууганын аткан экинчи шектүү кармалды

Криминалдык милиция кызматы Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун бир тууганы Сапарали Акановго ок чыгарган экинчи шектүүнү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Колго түшкөн 33 жаштагы шектүү Жалал-Абад облусунун тургуну. Мындан сырткары ал «Алдамчылык» беренеси менен ачылган башка сотко чейинки өндүрүштө шектүү катары өтүп жатканы белгилүү болду.

2020-жылдын 26-майында Жалал-Абад шаардык милициясына 43 жаштагы тургун ок атуучу куралдан жаракат алып ооруканага түшкөнү маалымдалган. Жабырлануучу Сапарали Акановго маркасы белгисиз травматикалык куралдан жамбашка эки жана бутка үч жолу желим ок атылган.

Бир аптадан кийин милиция биринчи шектүүнү кармаган — ал Ош облусундагы Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну. Кармоо учурда шектүүнүн жанынан жабырлануучуну аткан курал табылган.

Сапарали Аканов

ЖМКда жана криминалдык маалыматтарда Сапарали Акановдун ысымы 2005чи жана 2011-жылдары да аталган.

2005-жылы Аканов Ош шаарындагы «Алай» мейманканасынын алдындагы атышууга катышкан, бирок аны милиция кармай алган эмес. Ошол кездеги башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынуусуна дал ушул окуя себеп болгон.

Ал эми 2011-жылы ИИМдин башчысынын ошол кездеги орун басары Мелис Турганбаев Кара-Суудагы «Туратали» базарынын башчысы Абдалим Жунусовду жана анын айдоочусу Санжарбек Жайлообаевди өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин бети ачылганын кабарлаган. Бул кылмыш ишинде шектүү катары Сапарали Акановду аташкан.

2015-жылы «Саясат» басылмасы ИИМдин маалыматына таянып, Аканов Жунусовду өлтүрүү боюнча соттолгонун жана ага карата мажбур психиатриялык дарылануу дайындалганын маалымдаган.

Ошентсе да Аканов эркиндикке коё берилген, анткени 2014-жылы Каримов дегенди сабап, анын кен чыккан жер үлүшүнөн алтын казып ала баштаган. Мыйзамсыз алтын казуу боюнча да кылмыш иши козголгон. Ал эми 2015-жылы милиция аны ээнбаштык үчүн кармап, бирок ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Ошондой эле, аталган басылма Акановду кримтөбөл Камчы Көлбаевдин ишенимдүү адамы деп белгилеген.