ЖМК: Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кичи ажылыктан келди

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 15-февралда Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу «Kaktus media» басылмасына Жээнбековдун жакын адамдары билдирген.

Жээнбеков мындан 13 күн мурда Сауд Арабиянын Мекке шаарына кичи ажылык сапарга кеткен болчу. Ал сапарга Сауд Арабиянын башчысынын чакыруусу менен барганы кабарланган.

Жээнбеков жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодон кийинки башаламандыктардан соң 2020-жылдын 15-октябрында отставкага кеткен. Ал муну «кан төгүлүп кетпеши үчүн» жана «элдин тычтыгы маанилүү экендиги» менен түшүндүргөн — себеби учурдагы президент Садыр Жапаров жана анын тарапташтары муну талап кылышкан болчу.

Кийинчерээк Жээнбековго «экс-президент» макамы ыйгарылган.

Экс-президент макамынан ажыратуу тууралуу

Юрист Замир Жоошев 3-февралда ИИМге Жээнбековду эск-президент макамынан ажыратуу тууралуу арыз бергенин билдирген. Аны менен бирге Жоошев экс-президентти суракка чакырууну дагы суранган.

Жактоочу Жээнбеков Сауд Арабиясынан кайтып келгенге чейин прокуратура менен ИИМ аны экс-президент макамынан ажыратуу үчүн «жок дегенде жарым ишти» жасашат деп үмүт кыларын белгилеген.

Мурдараак, Жоошев 5-6-октябрдагы митингдерде жабыркагандар Жээнбековду жоопкерчиликке тартуу тууралуу арызын Башкы прокуратурага жөнөтүшкөнүн кабарлаган болчу.

Алар экс-президент Сооронбай Жээнбековду «укук коргоо орган кызматкерлерине митингчилерди күч менен кууп таркатууга буйрук берген» деп эсептеп жоопко тартууну талап кылышкан. Мындан тышкары, алар бул аракеттери үчүн Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу керек деген пикирде.

Тема боюнча:

Атамбаевдин адвокаты Жээнбековду экс макамынан ажыратуу ишин баштоону талап кылды

Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Меккеге кичи ажылыкка кетти