Акыркы суткада коронавирус жуктурган эки киши каза болду, жаңы 48 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 16-февралда коронавирустун жаңы 48 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 17;

Чүй облусу — 12;

Ысык-Көл облусунда — 10;

Нарын облусу — 2;

Талас облусу — 3;

Ош облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 85 564кө жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 28 714. Ал эми Чүй облусунда — 12 831, Ош облусунда — 8 365, Жалал-Абадда — 9 980, Ысык-Көлдө — 7 436, Ош шаарында — 5 608, Баткенде — 7 199, Нарын облусунда — 2 419 жана Талас облусунда — 2 604 учур катталды.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 3 603.

Ошондой эле, акыркы суткада 85 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 31, Чүй облусунда — 20, Жалал-Абад облусунда — 1, Ош облусунда — 3, Ош шаарында — 2, Ысык-Көл облусунда — 17, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 3, Баткен облусунда — 2 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 82 391 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 420 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 29 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 372 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Чүй облусунда жана Бишкек шаарында бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 444 киши көз жумду.

Мындан сырткары, өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлер аныкталган жок. Ал эми бир суткада үч медик айыкты. Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 196га жетти, анын ичинен 4 121 медкызматкер илдеттен айыкты.