Чаткал: Алтын казуучу компаниянын жардыруу иштеринен тургундардын өмүрү коркунучта

Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылынын тургундары «Эти Бакыр Терексай» алтын казуучу компаниясынын алардын үйлөрүнүн жанында жүргүзгөн жардыруу иштерине нааразы болушууда. Алардын айтымында, ишкана тоо кендерин жардыргандыктан алардын үйлөрүнө таш кулоо коркунучу жаралган.

Тургундардын бири Марлен Жолдошбековдун үйү «коркунуч жараткан» асканын түбүндө жайгашкан. Жардыруудан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип компанияга көлөмү 20 метр куб ташты алууга эскертүү берген. Бирок кулап түшүү коркунучунда турган таш толугу менен алынган эмес.

«“Үйдөн чыгып тур” деп мага жана эки кошунама [ӨКМдин кызматкерлери] кагаз берип кетишти. “Түрктөргө [“Эти Бакыр Терексай” ишканасына] беш күн убакыт бердик, алар 15 күн суранышты” деп айтышты. Эртеси эле үйдү бошоттук. Төрт күн күттүк, төртүнчү күнү түрктөрдөн эч ким жок. Өзүбүздүн эле айылдын балдарын салып коюшуптур. Алар керектүү куралдарын алып чыгып кетишти да, салаңдап турган таштын эки метрин алышты. Калганы калып калды. Түшүп келишип “калганынын түбү бекем экен” дешти», — деп айтып берди Жолдошбеков «Клоопко».

Анткен менен Жолдошбеков «үйдө жашоо коопсуз» деген корутундуну эч ким бербегенин билдирди. Жергиликтүү тургун ӨКМдин Чаткал бөлүмүнүн башчысы менен байланышканда ал алтын казуучу ишкана керектүү иш-чараларды өткөрүп бүткөнүн билдирген.

«“Кокус эртең түшүп кетсе ким жооп берет” десем, “алтын казуучу ишкана жооп берет” деп койду. “Кооптуулук жоголду, үйгө кире бер деген корутунду бербедиңер го” десем, “андай кагазды биз бере албайбыз” деп койду. Айла жок талаалап жүрө бербей үй-бүлөмдү алып кече көчүп келдик», — деди Жолдошбеков.

Мындан сырткары «Эти Бакыр Терексай» ишканасы айылдын жанында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатканына байланыштуу аймактагы үйлөр «санитардык зонага» кирип калган.

«Кепилдик бере албайбыз»

ӨКМдин Чаткал районундагы бөлүмүнүн жетекчиси Нурислам Төрөбаев алгач тургундардын үйлөрүнө таш кулоо коркунучу аныкталганын тастыктады. Бирок, Төрөбаевдин айтымында, ал коркунуч «Эти Бакыр Терексай» ишканасы тарабынан жоюлган.

«Мыйзам боюнча кайсы фирмага же кимге тиешелүү болсо ошолор жойгонго милдеттүү. Ошондуктан акт түзүлүп, фирмага милдеттендирилип ташты алдыртуу боюнча беш күндүк мөөнөт коюлган. Фирма беш күн аралыгында негизги кулай турган кооптуу ташты алдырткандыгы тууралуу билдирүү жөнөттү. Болжол менен негизги кулай турган таш эки жарым метрдей көчүрүлдү. Калган жагы жарга такалып турат, негизинен коопсуз эле. Эч нерсе болбойт деп биз кепилдик бере албайбыз — катуу жер титирөө болуп көчпөй турган жерден жер көчкү жүрүп кетиши мүмкүн. Эми ал Кудайдан болот», — деп түшүндүрдү Төрөбаев.

Компаниянын калдыктарынын дарыяга түшүүсү

Буга чейин, 23-январда, «Эти Бакыр Терексай» ишканасынын тундургучу жарылып, анын ичиндеги калдыктар дарыяга кошулуп кеткен.

Жергиликтүү бийлик дарыяга көмүрдүн калдыктары аккан деп билдирип, ошол эле учурда тургундарга дарыядан суу ичпөөнү эскертишкен. Ошондой эле калдыктар экспертизага жиберилген.

Ал эми «Эти Бакыр Терексай» ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири «Кыргызалтын» ААКсы 24-январга карата кырсыктын кесепеттери толугу менен жоюлганын билдирди.

Редактору: Элдияр Бакиров

ТЕМА БОЮНЧА:

Сүрөт баян: Аскадагы жарака 20дай үй-бүлөнү турак жайдан ажыратышы ыктымал