Соцтармактарда 14-февралда мурдагы муфтий Рахматулло Эгембердиевдин сүйлөшүүсү делген үн жазуу тарады. Анда анын үнүнө окшош киши өлкө башчы Садыр Жапаров Баткенге президенттик шайлоо алдындагы үгүт-иши менен барганда ага Султан Гафуров атуу кишини муфтийликке сунуштаганын айтып берген.
Ыктымал Эгембердиев Жапаров менен баарлашып, намаз окуп, чогуу жүргөнүн жана Жапаров ага «Бишкекке келип [муфтий болуп] иштейсиңби» деп сунуш кылганын айткан. Бирок өзүнүн ордуна досу, Ош облусунун мурдагы казысы Султан Гафуровду коюп берүүсүн суранган.
«Ал мага “көрөбүз” деген [...] Кийин Гафуровдун резюмесин киргизиш кыйын болду. Акыры киргиздик [...] Анан карап чыгып Султан ажыны ылайыктуу көрдү. Анын тажрыйбасын, салттуу диндеги окуусун эске алды. Садыр Нуркожоевич ошол кишиге өзүнүн батасын берип чыгарыптыр», — деген ыктымал мурдагы муфтий.
Ошондой эле Эгембердиев делген киши дин башкармалыгында «гүленжилер» иштеп жатканын баса белгилеген.
* Гүленжи деп түркиялык оппозиционер Фетхуллах Гүлендин тарапташтарын айтышат. Гүлендин ФЕТО уюму Түркияда террористик деп табылган.
Тасманы фейсбук баракчасына Жапаровдун мурдагы адвокаты жана Дин иштери боюнча комиссиянын экс-башчысы Акин Токталиев да бөлүшүп, тасмадан «президенттин абийири ачылды» деп билдирди.
«Садыр Жапаров “мен эч жака кийлигишкен жокмун, муфтийди мага десе бөлөк планетадан алып келип коюп алгыла” деген. Эгембердиев ажонун абийирин ачып салбадыбы. [...] Ушинтип абийирин ачып салды, эми бул президент эмне деп айтаар экен», — деп комментарий берген ал.
*Токталиевди Дин иштери боюнча комиссия башчысы кылып Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда дайындаган болчу. Ал эми муфтияттагы ызы-чуунун шартында, 9-февралда, Жапаров Токталиевди кызматтан кайра алган.
Буга чейин экс-муфтий Максат Токтомушев кызматын тапшыра электе «аны кызматтан алгысы келгендер президенттин атын жамынып келип жатышканын» айтып чыккан.
Ал аны кызматтан алууга «Аалымдар кеңешиндегилер, мурдагы муфтийлер жана мамлекеттик аткаминерлердин арасындагы айрым адамдар» кызыктар деп эсептеген.
Токтомушевге чейин активист Келдибек Аскаралиев басма сөз жыйын куруп, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүнө «учурдагы муфтийди кызматтан алуу үчүн добуш бергиле» деп коркутуу болуп жатканын билдирген.
Ал басым кылууга Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-башчысы Зайырбек Эргешов, Конституциялык кеңешменин мүчөсү, «Садыр Жапаровдун жардамчысы» Арзыбек Бурканов, ошондой эле Аалымдар кеңешинин башчысы Абибилла Кадырбердиевдин «тиешеси бар» деген. Ошондой эле алар Токтомушевдин ордуна Султан Гафуров аттуу кишини койгулары келээрин айткан.
Ал эми Токтомушев УКМК тарабынан кармалган соң президент Садыр Жапаров анын кармалышы боюнча пикирин билдирип, муфтийдин кызматтан кетишине «тиешеси жоктугун» айткан.
«Соцтүйүндөрдөн жана башка жерден маалыматтарды уктум “Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев атайылап муфтийди каматып, муфтийдин орду керек болуп жатат” дегендей айтып жатышат. Мына төбөбүздө Кудай карап турат, мага муфтийдин ордунун кереги жок. Кимисин шайласа шайлап алсын», — деген ал.
Мындан сырткары Жапаров текшерүүлөрдүн натыйжасында муфтиятта «чындыгында каржылык жактан жетишпестик болгону» аныкталганын кабарлаган.
Анын айтымында, «муфтиятта ажылык сапарга барчулардын 16 млн доллар акчасынын 7,7 млн долларын сомго конвертациялап, киреше алуу үчүн башка банктарга пайызга салышкан. Бирок доллардын баасы 15 сомго өсүп кетип, пайданын ордуна 700 миң доллардын тегерегинде чыгым болгон.
Ошондой эле ал «бул каражаттардын ичинен 155 млн сом 2020-жылдын август айында фирма аркылуу шайлоого катышкан саясий партиянын чыгымдарына колдонулуп кеткенин» билдирип, каражаттар ажылыкка бара тургандарга жарым-жартылай кайтарылганын кошумчалаган.
«Президент маалымат берүүдө бир аз шашып койду»
Анткен менен муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов «Жапаров текшерүүнүн жыйынтыгы чыга электе билдирүү жасап шашып койду» деп эсептейт. Ал «Жапаров каржылык маселелер боюнча өзү айтып жаткан маалыматты кайдан алганына» кызыкты.
Нурдиновдун айтымында, Жапаров «155 млн сом фирма аркылуу шайлоого катышкан партияга берилип кетиптир» деген маалыматы чындыкка дал келбейт.
Ал «акча “Налоговый представитель” ЖЧКсына 14 миллион сом кошуп берүү келишими менен берилип, ал эми 155 миллион муфтиятка кайра кайтканын» билдирди.
«Текшерүү азыр бүтө элек. [...] Ошондуктан президент бул маалыматтарды кайдан алып айтып жатат билбей жатабыз. Аны териштире турган орган бар. Бул жерде президент маалымат берүүдө бир аз шашып койду. Себеби бул такталып жаткан процесс болчу, ал так маалымат берсе, өзүнө да жакшы болмок», — деп жыйынтыктады Нурдинов.
Муфтият жана «Биримдик»
Муфтият келишимдин негизинде акча которду делген «Налоговый представитель» ЖЧКсынын ээси катары Нурлан Чыныбеков көрсөтүлгөн. Чыныбеков 2020-жылдын август айында «Биримдик» партиясынын шайлоо фондуна өз каалоосу менен 200 миң сом которгон.
Ошол эле күнү аны менен кошо дагы 10 адам дал ушул суммадагы акчаны аталган партияга которгон. Мыйзам боюнча жеке жактар саясий партияларга жана кандидаттарга акча которууда анын суммасы 200 миң сомдон ашпашы керек.
Буга чейин Economist.kg басылмасы «Биримдиктин» эсебине партияга тиешеси жок кишилер акча которгонун ашкерелеген иликтөө чыгарган. Анда акча которгондор «аларга банктын алдында акча таратылып, аны “Биримдиктин” эсебине которуп коюуларын суранышканын» басылмага анонимдүү түрдө айтып беришкен.
Муфтияттагы ызы-чуу
Буга чейин, 10-февралда, муфтияттын башкы эсепчиси УКМК тарабынан кармалгандан кийин Максат Токтомушев муфтийликтен кетүү үчүн арызын жазган.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, «дин башкармалыгында мыйзамсыз иштер аныкталгандан кийин жетекчилик бухгалтер аркылуу УКМК өкүлдөрүнө 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштаган».
Ошол эле күнү кечинде УКМК Токтомушевди «муфтияттагы каржылык мыйзам бузууларга катыштыгы бар» деп кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизгени белгилүү болгон.
«Жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында муфтий М.а.Т. ажылык сапарга баруучулар тарабынан берилген каражаттарды пайдаланууга байланыштуу каржылык мыйзам бузуулар болгондугу, жана ошондой эле бул кылмышты жасоого катыштыгы бар жөнүндө далилдер алынды», — деп билдиришкен УКМКдан.
Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Токтомушевдин тарапташтары соцтармактарда нараазычылыгын билдиришкен. Ал эми 11-февралда экс-муфтийдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына митингге чыгып, Токтомушевди үй-камагына чыгарууну талап кылышкан.
Эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту мурдагы муфтийди жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен үй камагына чыгарган.
Ал эми 14-февраль күнү Токтомушев видеокайрылуу жасап, «аны чет өлкөгө качып кетти» деген маалыматтарды таратпоого жана «президент Садыр Жапаровдун саясатын колдоого» чакырды.