Сахна ханышасы Жамал Сейдакматова акыркы сапарга узатылды

Кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, дүйнөлүк чыгаан актриса Жамал Сейдакматова менен коштошуу зыйнаты Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнатына санаалаштары, талантын сыйлаган күйөрмандары менен шаар тургундары келди. Алардын катарында жазуучу Бексултан Жакиев, маданияттын эмгек сиңирген ишмери Султан Раев, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз, актер Асылбек Өзүбеков да бар.

Жакиев Сейдакматова аябай изденген, тынчы жок, мыкты актриса болчу деп эскерип, «Жамал бактылуу жашады» деп белгиледи. Ал эми Раев коштошуу сөзүн актриса чыныгы дүйнөгө кетти деп баштады.

«Жамал эже бүткүл өмүрүн театрга арнады. Ал театрда роль ойнобой эле, анда жашады. Анын өзгөчө бир көз карашы, өзгөчө тагдыры бар эле. Жамал эже, жаш актёрлорду өмүрүнүн акырына чейин окутту. Булардан улуу актёрлор чыкпаса да, улуу адам чыгышы керек деп жүрчү. Жамал эже кайталангыс инсан эле...», — деди Раев.

Ошондой эле, Садык Шер-Нияз «кыргыз эли менен кошо бүткүл дүйнө эли кайгырып турат» деген оюн билдирди. Сейдакматова Курманжан датканын образын дагы өзгөчө ачып бергенин белгиледи.

«Жамал эже, кыргыз маданиятынын, кыргыз өнөрүнүн, кыргыз искусствосунун Куманжан даткасы болду. Анда талант десе талант, сымбат десе сымбаты бар эле. Жамал эже кыргызга бакыт арнап, байлыктын артынан кууган жок», — деди коомдук ишмер.

Сахна ханышасы Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. Ал кино искусствосуна 19 жашынан баштап аралашкан. Алгачкы жолу «Алыскы тоолордо» көркөм тасмасында роль жаратып, табиятынан берилген талант менен элге таанылган.

1989-жылы алгачкылардан болуп «Тунгуч» көз карандысыз кыргыз театрын ачып, анын көркөм жетекчиси болгон. Театр өнөрүндө бурулуш жасап, жаңы ыкмалар менен дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спектаклдерди коюп, Колумбия, Улуу Британия, Германия, Иран, Египет, Кытай, Түркия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттериндеги эл аралык фестивалдарга катышып, бир нече баш байгелерди багындырган.

Сейдакматовага 1970-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисткасы» наамы берилген, ошондой эле, 1976-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамына татыган.

Ошондой эле, 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон жана «Манас» ордени менен эки жолу сыйланган.

Сейдакматова «Азоого чалма», «Отелло», «Кылым карытар бир күн», «Олжобай менен Кишимжан», «Омар Хайямдын махабаты», «Төрт адам», «Кыз күйөө», «Күттүргөн жазда келээр», «Ай тутулган түн», «Үйлөнүү», «Ак боз ат» тасмаларында роль ойногон. Мындан сырткары, 2014-жылы «Курманжан датка» фильминде Курманжандын 90 жаштагы образын жараткан.

Жамал Сейдакматова 16-февралда 82 жашында узакка созулган оорудан көз жумган.