Москвада кулагы жакшы укпаган кыргызстандык «теракт даярдоо» үчүн жети жылга кесилди

Москвада 19-февралда аскер соту кулагы жакшы укпаган майып Талант Онуровду жети жылга эркинен ажыратты. Ал Москванын метросунда теракт даярдоого айыпталууда.

«Экинчи батыш аймактык аскер соту Талант Онуровго карата кылмыш иши боюнча айыптөө өкүмүн чыгарды. Ал интернетте терроризмди үгүттөө жана террордук актка даярданганы үчүн соттолду», — деп кабарлайт Москванын прокуратурасы.

Онуров жети жылдын эки жылын абакта, калган мөөнөтүн күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт.Онуровго жаза өтөп бүткөндөн кийин төрт жылга интернетте иш жүргүзүүгө тыюу салынары кабарланууда.

Азырынча өкүм күчүнөн кире элек жана он күн аралыгында даттанууга мүмкүн болот.

Талант Онуровдун иши

Орусиянын ЖМКлары кыргызстандын атуулу Талант Онуров Москванын метросунда теракт даярдоого шектелип 2019-жылы 5-ноябрда кармалганын билдиришкен. Маалыматка ылайык, кыргызстандык өзүнө шерик издеп, колго бомба жасоого аракет кылган. Эртеси күнү Кыргызстандын орусиядагы элчилиги Онуров кыргыз жараны экенин бышыктаган.

Талант бала чагынан эле менингит оорусунан кийин эле жакшы укпай калган. Онуровдун жакындарынын айтымында, ал Москвага угуу аппаратына акча иштеп табуу үчүн барып, дээрлик дароо эле ээнбаштык кылган делип кармалган. Документтерге ылайык, кыргызстандык чын эле ушул берене боюнча Москвага бараары менен кармалып, изоляторго киргизилген. Мындан тышкары, Онуров Москвага келген убактысынын дээрлик бардыгын изоляторлордо өткөргөн, ал эми үй-бүлөсүнө ага тагылып аткан айыптарды качан жасап жетишкени түшүнүксүз.

«Ал начар уккандыктан, албетте, үнүн өтө катуу чыгарып сүйлөйт, колун активдүү шилтеп, жаңсайт. Ачуусу абдан чукул. Ошондуктан биздин оюбузча, ал укук коргоо органдарынын көзүнө тек гана ушул себептен улам илинген, анткени аны майда ээнбаштык үчүн кармашкан», — деп айткан Онуровдун апасы.

Онуровдун апасынын айтымында, алардын үй-бүлөсү андай деле динчил эмес, ал тургай Талант дааватка да чыгып көргөн эмес, жума намазына деле анда-санда барчу.

Шектүүнүн адвокаты Вадим Захаряев да Талант Москвага угуу аппаратын сатып алуу үчүн иштеп акча табууга келгенин айтат.

«Ал угууну каалаган, толук кандуу адам болгусу келген, аны бул менен мамлекет камсыздап бериши керек эле», — деп билдирген адвокат.

«Адвокаттан баш тартууга мажбурлап жатышат»

2020-жылы февралда Онуровдун үй-бүлөсү Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) тарабынан кысым болуп жатканын билдирген. Алардын айтымында, ФККнын кызматкерлери Онуровду жактоочудан баш тартууга мажбурлаган.

Анда Таланттын тууганы ФККнын кызматкерлери дайыма Онуровдун жанынан чыкпай жатышканын билдирген. Ал эми Талант өзү корккондуктан жана кысымдын айынан эч бир нерсе айтпай, мөөнөтүн узартууга макул болуп коюп жатканы дагы айтылган.

Онуровдун адвокаты эч нерсе айтпоо шарты болгондуктан Таланттын тууганынын айткандарын бышыктай алган эмес, бирок ал кыргызстандык журналисттерге маек берүүгө каршы экенин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Москвада теракт даярдоого айыпталган дүлөй-дудук кыргызстандыктын кылмыш иши

Швеция: Сот теракт даярдоого башкы шектүүнү күнөөсүз деп тапты