Акыркы суткада коронавирустун жаңы 44 учуру катталды, каза болгондор жок

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 22-февралда коронавирустун жаңы 44 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 25;

Чүй облусу — 9;

Ысык-Көл облусунда — 2;

Нарын облусу — 1;

Талас облусу — 2;

Жалал-Абад облусу — 2;

Ош шаары — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 85 929га жетти.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 1 939.

Ошондой эле, акыркы суткада 47 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 23, Чүй облусунда — 16, Ысык-Көл облусунда — 6, Нарын облусунда — 1, Баткен облусунда — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 82 803 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 409 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 23 киши өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 322 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада COVID-19ду жуктуруп каза болгон бейтаптар катталган жок. Жалпы Кыргызстанда илдеттен 1 458 киши көз жумган.

Мындан сырткары, өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлер аныкталган жок. COVID-19ду жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4 202ге жетти, анын ичинен 4 154 медкызматкер илдеттен айыкты.