Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалды

Гүлнара-Клара Самат (Клара Кабилова)

Депутат Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 22-февралда кол койду.

Буга чейинки элчи Аликбек Жекшенкулов 2020-жылдын 14-октябрында бошотулган. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгында Жекшенкулов «ишенимди жоготкону» үчүн кызматтан алынган деп жазылган. Жекшенкулов кызматтан алынганын соцтармактардан билгенин кабарлаган.

Гүлнара-Клара Саматтын мурдагы аты Клара Кабилова. Ал 2006-2007-жылы Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы болгон. 2008-жылы Кабилова качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевден «басымга» учурап, Орусияга чыгып кеткен. Бирок бир жылдан кийин ал өлкөгө кайтып келген.

2015-жылы Кабилова атын өзгөртүп, «Ата Мекен» партиясы менен парламенттик шайлоого катышкан. Ал эми 2018-жылы ал мандатынан ажыратылган Аида Салянованын ордуна келген.

Гүлнара-Клара Самат 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынын тизмесинде 8чи болуп турган.