«Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси үй камагына чыгарылды

Акча опузалоого шектелип кармалган «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасына Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мукамбетова 23-апрелге чейин үй камагында болот. Ал мындан үч күн мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган болчу. Атайын кызмат билдиргендей, Мукамбетова сайттан видеотасманы өчүрүү үчүн айдоочудан 84 миң сом алып жаткан учурда кармалган.

Аталган видеотасмада мас абалында автоунаа айдап бара жаткан адамды Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери кармап, административдик айыпка тартуу учуру тартылгандыгы кабарланган.

Окуянын экинчи тарабы

Кийинчерек «Кабарлар» агенттигинин кызматкерлери Мукамбетованы сайттын аброюна доо кетирүү максатында карматышты деп билдиришти.

Кызматкерлердин айтымында, Мукамбетова кармалганга чейин акыркы эки жума сайт хакердик чабуулга кабылган. Андан соң жетекчиге бир нече адамдар чалып, кээ бир саясатчылар тууралуу негативдүү материалдарды чагылдырбоону талап кылышкан.

Андан бир нече күн өткөн соң Мукамбетовага «Аскар» аттуу киши кайрылып, ага журналисттер менен маалымат жыйын курууга жардам берүүнү өтүнгөн. Ал «өзүнүн мас абалында унаа айдап кармалгандыгы тууралуу айтып берүүнү» көздөп жаткандыгын билдирген.

«Мукамбетова көмөктөшүүгө макул болгон. Анткени ал кайрылган киши менен жеке тааныштыгы бар болгон үчүн жардам бергиси келген. Кийин Аскар “Жаннат” мейманканасында маалымат жыйын куруу үчүн анын чыгымдарына 20 миң сом берүүнү убада кылган», — деп билдиришти агенттиктен.

Ошондой эле, «Аскардын» мас абалында автоунаа айдап кармалгандыгы боюнча видеону алгач «oppa_kg» жарыялаган. Андан кийинки аталган видеонун таркашына «Кабарлардын» тиешеси жок эле деп кошумчалашкан кызматкерлер.

Тема боюнча:

УКМК: Маалымат агенттиктеринин биринин жетекчиси 84 миң сом пара алып жатканда кармалды